Мазмунга өтүү

Изник ишеним белгиси

Википедия дан

Изник ишеним белгиси 325-жылы Изник (Никей) жыйын кеңешинде кабыл алынган. Анын максаты – Ыйсанын жана Ыйык Рухтун кудайлыгы жөнүндөгү окутууларды коргоо болгон. 381-жылы Стамбул (Константинопил) кеңешинде бир аз өзгөртүлгөн[1].

Бул Католик чиркөөсү[2], Чыгыш православ чиркөөсү, Чыгыштагы православие, Чыгыш чиркөөсү жана протестантизмдин көпчүлүгү, анын ичинде Англикан биримдиги тарабынан кабыл алынган жалгыз укуктук машайакчы ишениминин биримдик билдирүүсү болуп эсептелет[3].


Биринчи Изник (Никей) кеңеши (325) Биринчи Стамбул (Константинопил) кеңеши (381)
Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, бардык көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, асман-жердин жана бардык көрүнгөн-көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу.
Жана да Эгедер Ыйса Машаякка ишенебиз. Ал Атадан жалгыз туулган, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ. Жана да Эгедер Ыйса Машаякка ишенебиз. Ал атамзамандан мурда Атадан жалгыз туулган Кудай Уулу, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ.
Ал [асмандагы жана жердеги] бардык нерселерди жараткан. Ал бардык нерселерди жараткан.
Ал биз үчүн - адамдар үчүн, жана да биздин куткарылуубуз үчүн түшүп келип, пенденин кейпин кийген. Ал биз үчүн жана куткарылуубуз үчүн асмандан келип, Кыз Мариядан Ыйык Рух аркылуу адам кейпин алган.
Ал азап тартып, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен. Ыйык Жазмалар боюнча, Ал Понтий Пилаттын алдында биз үчүн чырымга керилип, азап тартып, көргө коюлуп, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен жана азыр Атанын оң жагында олтурат.
Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан келет. Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан шаң-салтанат менен кайра келгенде
Анын падышачылыгынын аягы болбойт.
Жана да Ыйык Рухка ишенебиз. Жана да Ыйык Рухка ишенебиз. Ал Эгедер жана Өмүр берүүчү, жана да Атадан чыгып туруучу. Ал Ата жана Уул менен бирдей табынууга жана даңкталууга татыктуу. Ал пайгамбарлар аркылуу сүйлөгөн.
Жана бир ыйык, баарыбызга жалпы жана элчилик Жамаатка ишенебиз. Күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн бир чөмүлтүүнү тааныйбыз. Өлгөндөрдүн тирилишин жана келечектеги дүйнөнүн жашоосун күтөбүз. Амин.
[Ал эми: "Ал жок убак болгон!" жана "Жаратылганына чейин Ал болгон эмес!" жана "Ал жок нерседен жаратылган!" же "Анын табияты же заты башка!" же "Кудай Уулу жаратылган!" же "өзгөрүүчү" же "алмашылуучу" дегендерди ыйык жалпы жана элчилик Жамаат айыптайт.]
  1. Гибсон, Стивен (2017). Машайакчылыктын ишенимдери. Shepherds Global Classroom. 
  2. First Council of Nicaea – 325 AD. Papal Encyclicals Online.
  3. "Nicene Creed". Encyclopedia Britanica.