Изобаралык процесс

Википедия дан

Изобаралык процесс — физикалык тутумда сырткы турактуу басым шартында өтүүчү термодинамикалык процесс. Ал термодинамикалык диаграммада изобара менен сүрөттөлөт.

Ачык идиште суунун кайнашы, кыймылдуу поршендүү цилиндрдеги газдын кеңейиши (кысылышы) изобаралык процесстин жөнөкөй мисалы. Эки учурда тең басым атмосфера басымына барабар. Туруктуу басым астындагы газдын көлөмүнүн температурага көз карандылыгы Жозеф Луи Гей-Люссак тарабынан аныкталган.

Берилген массадагы газдын көлөмү, турактуу басымда температуранын жогорулашы менен сызыктуу өсөт, башкача айтканда V/T=const, p=const, m= const. V1, T1 жана V2, T2 маанилери менен мүнөздөлгөн эки абал үчүн изобаралык процесс төмөнкүчө жазылат: V /V =Т /Т . Өтө төмөн температурада (-73 °Сге жакын) Гей-Люссак мыйзамы аткарылбайт. Изобара процессинде тутумдун жылуулук сыйымдуулугу анын турактуу көлөм кезиндеги маанисинен чоң: С С =k, мында С жана С изобара жана изохора процесстериндеги бир бөлүкчөгө туура келген жылуулук сыйымдуулуктары. Изобара процессинде идеалдуу газдын жасаган жумушу p.AVm барабар, мында p басым, AV газ көлөмүнүн өзгөрүүсү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]