Изосызыктар

Википедия дан
Изосызыктар (изобара).

Изосызыктар (изо... жана сызык) — географиялык картада, вертикалдык кесилиште же графикте кандайдыр бир бирдей маанидеги чоңдуктарды (мисалы, температура, басым ж. б.) туташтыруучу сызык. Айрым мезгилдеги же бир учурдагы үзгүлтүксүз кубулуштарга мүнөздөмө берет (мисалы, изобаттар, изобара). Табигый жана социалдык экономикалык кубулуштарды картага түшүрүү, ошондой эле алардын сандык мүнөздөмөлөрүн алууда жана өз ара корреляциялык байланышын анализдөөдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]