Изотоптук эффект

Википедия дан

Изотоптук эффект - берилген элементтин изотопторунун же изотоптук курамы түрдүү бирикменин атом массалары түрдүү чоңдукта болгондуктан алардын касиеттеринде айырмачылыктын болушу.

Изотоптун массаларынын айырмаланышынын натыйжасында түрдүү изотоптун жана алардын бирикмелеринин тыгыздыгы, сынуу көрсөткүчү, илээшкектүүлүгү, эрүү, кайноо температуралары, кристаллдардагы атомдордун термелүү ылдамдыгы ж. б. физикалык-химиялык касиеттери өзгөрөт. Изотоптук эффект изотоптордун ажырашынын лабораториялык жана өнөр жайлык ыкмаларына негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.