Илдет (өсүмдүктө)

Википедия дан

Илдет (өсүмдүктө) - ар түрдүү себептердин (илдет козгогучтардын жана айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынын) таасиринен өсүмдүктүн функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу жана азык зат сиңирүү ж. б.) жана организм түзүлүшүнүн бузулуу процесси.

Мында өсүмдүк солуйт же анын айрым органы зыянга учурайт, өсүмдүктүн түшүмү азайын, сапаты начарлайт. Мис., картошка фитофторозу кеңири таралганда, түшүмү 1520%, айрым жерде 50% не чейин төмөндөйт. Өсүмдүктүн 30 миңден ашык Илдети белгилүү. Алар симптомдору же типтери (патографиялык классификация), илдетке чалдыгуусу (өсүмдүк классификациясы) жана илдет козгогуч себептери (этиологиялык классификация) боюнча классификацияланат. Булардын ичинен этиологиялык классификация негизги роль ойнойт, мында өсүмдүк Илдети жугуштуу жана жугушсуз болуп бөлүнөт.

  • Жугушсуз Илдеттин негизги фактор лору;
  • минерал азык заттарынын, көбүнчө макроэлементтердин (азот, фосфор, калий), микроэлементтердин (өзгөчө бор, цинк, темир, жез, молибден) жетишпездиги;
  • суу режиминин бузулушу (топуракта суунун жетишсиздиги же көптүгү, жаан-чачын);

абадагы же топурактагы темпранын өзгөрүшү.

Жугуштуу Илдетке өсүмдүктүн вирус Илдеттери (мозаикалык, сарык, солуу Илдеттери, пролиферациялар ж. б.);

  • бактериялык илдеттер же бактериоздор (өсүмдүк рагы, картошка кара чириги, ар түрдүү бактериялык чиринди, мөмө-жемиш багынын, тамекинин ж. б. бактериялык күйүгү);
  • грибок Илдеттери же микофитоздор (дат Илдет, кара көсөө, чаңгыл кебер, фузариоз, чиринди, аскохитоз ж. б.) кирет.

Алдын алуу чаралары; өсүмдүктүн өсүп-өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, туруктуу жана таза сортту эгүү, үрөндү рационалдуу өстүрүү, үрөнгө химиялык дары-дармек чачуу ж. б.

Илдет козгогучтарды бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өткөрбөө үчүн карантин коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.