Илимий техникалык прогресс
Илимий техникалык прогресс– илим менен техниканын бирдиктүү, өз ара шартташкан, бир калыптагы өнүгүшү. 16-кылымда соода-сатыктын, деңиз сүзүүчүлөрүнүн, ири мануфактуранын муктаждыктары теориялык жана эксперименталдык чечүүнү талап кылган бүтүндөй бир катар маселелердин чечилишин талап кылды.Компас, ок, дары же китеп басып чыгаруу (айрыкча ушул) илимий же техникалык ишмердиктин бекем союзунун түзүлүшүнө негиз болгон улуу ачылыштар болгон. 18-кылымдын аягында машина өндүрүшүнүн пайда болушу алдыда болуп өткөн математиктердин, механиктердин, физиктердин, ойлоп табуучулардын, чебер колдуулардын чоң армиясынын илимий техникалык чыгармачылыгы тарабынан даярдалган. Дж. Уаттын буу машинасы конструктордун-техникалык ишмердиктин гана эмес «илимдин да жеңиши» болуп калды. Машина өндүрүшү өз кезинде илимдин жаңы, тажрыйбалык мүмкүндүгүнүн технологиялык колдонулушу үчүн чектелбегендигин айкындады.Мунун өзү жаңы этапка, Илимий техникалык прогресстин экинчи этабына өткөнүн көрсөтөт, илим менен техника өз ара бири-биринин өнүгүшүнө ыкчамдатылган темпте дем берет. Илимий изилдөө ишмердигинин теориялык чечимин техникалык ишке ашыруусуна чейин жеткирүүгө чакырылган изилдөө тизмеги келип чыгат, колдонмо изилдөө, тажрыйба конструктордук иштеп чыгуу өндүрүштүк изилдөө. Илимий-техникалык ишмердик адам эмгегинин сарпталбаган кеңири сферасы болуп чыга келет. Илимий техникалык прогресстин үчүнчү этабы азыркы учурдагы Илимий техникалык прогресс менен байланышкан. Анын таасири менен техниканы өндүрүүгө багытталган илимий дисциплинанын фронту кеңейет. Техникалык маселени чечүүдө биологдор, физиологдор, технологдор, лингвисттер, логиктер катышат. Техникалык прогрессти ыкчамдатуга түз же кыйыр түрдө коомдук илимдердин көп багыттары таасирин тийгизет; экономиканы жана өндүрүштү уюштуруу, экономикалык жана социалдык процесстерди илимий башкаруу, өндүрүштүк эстетика, техникалык өндүрүштүн психологиясы жана логикасы прогноздоодон конкреттүү социалдык изилдөөлөрү. Техникага карата катышы боюнча илим алдындагы жетекчилик ролу айкын болууда. Жаңы илимий багыттар ачылыштар артынан бүтүндөй өндүрүш тармактары келип чыгат: радиоэлектроника, атомдук энергетика, синтетикалык материалдар химиясы, ЭЭМ өндүрүшү жана башка илим техниканын үзгүлтүксүз түрдө техниканы революциялаштырган күч болуп калат. Өз кезинде техника илимдин прогрессине түрткү дем берет, аны так жана татаал эксперименттик жабдыктар менен камсыз кылып, жаңы талаптарды коюу менен алга сүрөйт. Азыркы Илимий техникалык прогресстердин мүнөздүү белгиси ал өндүрүштү гана эмес, коомдун жашоо ишмердигинин көптөгөн жактарын да камтыйт: айыл-чарба, транспорт, байланыш, медицина, билим берүү, турмуш-тиричилик сферасы. Илимий жана техникалык бекем бирдигинин айкын көрүнүшү адамзаттын космоско чыгуусунан көрүнөт. Илимий техникалык прогресс социалдык прогресстин негизи болуп кызмат кылат. Таптык коомдо илим менен техника негизинен үстөмдүк кылуучу таптын кызыкчылыгын көздөп, көбүнчө адамды көрө албоочулук милитаристтик максат менен рухий прогрестин регрессии менен адамдагы инсандыктын жан-дүйнөнүн бүлүнүшү менен коштолот. Тапсыз коомдо Илимий техникалык прогресс бүткүл элдин кызыкчылыгын, илим менен техниканын өнүгүшү экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүнү, адамды ар тараптуу жана гармониялуу өнүгүшүн камсыз кылат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,