Имай

Википедия дан

Имай (лат. Imaus) – тарыхый топоним. Б. з. ч. 4–3-кылымдардан тартып орто кылымдын аягына чейинки Батыш Европа илиминде кабыл алынган эбегейсиз зор тоо системасы. Ал көз карашка ылайык И. 35°түн. кеңдик боюнча бүт Азия материгин экиге бөлүп турган. 145° узундуктан (Индиянын тушунан) Имайдан туура төтө түн. уюлду көздөй дагы бир залкар кырка тоо созулган. Бул Меридиандык Имай, Орто Азиянын аймагын как жарып өтүп, бир нече тармакка бөлүнгөн. Андан тараган Комед тоолору Памирге, Аскатанк тоосу Фергана жана Каратоо тизмектерине, Авзакия (Ауксакия) Теңиртоого туура келет деп эсептешкен. Меридиандык Имайдын эки тарабын скиф уруулары, түштук-батышын сактар мекендеген. «Улуу кардуу тоо кыркасы» жөнүндөгү түшүнүк атайын саякат,изилдөөлөрдүн натыйжасында эмес көбүнчө сурамжылоо, болжолдоо жолу менен пайда болгон. 17–18-к., өзгөчө 19-кылымдын башында бул концепциянын негизсиз экени ачык көрүндү. Аны ошондой эле жаңы жасалма гипотеза (А. Гумбольдттун Болор схема-345сы) менен алмаштыруу аракети да оң натыйжа берген эмес

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы