Кайрат Иманалиев

Википедия дан
Иманалиев, Кайрат‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгилүү драматург жана журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты , Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Иманалиев Кайрат Олжобаевич Бишкек шаарында 1977-жылы 29-ноябрда туулган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1994-жылы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук Т.Сатылганов атындагы лицей-мектебин алтын медаль менен,

1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин

жана 2000-жылы аталган университеттин магистратурасын артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

2009-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик Башкаруу академиясынан билим алган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-жылдан Кыргыз Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы,

2004-жылдан 2009-жылга чейин башкы редактор болуп эмгектенген.

2009-2011-жылдары Кыргыз Радиосунун башкы редакторунун орун басары болгон.

2007-2019-жылдары Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин доценти,

2009-жылдан 2012-жылга чейин Журналистика кафедрасынын башчысы болгон .

2011-жылдын январь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын январь айына чейин эл аралык "Руханият" ассоциациясынын вице-президенти болгон.

2018-жылдан бери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде доцент.

2019-жылдын 14-январынан, 2021-жылдын 4-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.

2021-жылдын 4-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Журналисттик чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- Кыргыз радиосунун Алтын казынасына ондогон циклдык автордук адабий уктуруулары,

- Кыргыздын залкар инсандары: К.Карасаев, Ч.Айтматов, С.Күмүшалиева, С.Эралиев, С.Жусуев, Т.Касымбеков менен маектери жазылып алынган.

- «Театр дүйнөсүндө», «Мен кыргызмын», «Инсан», «Каректеги элестер», «Асылдар ааламы», «Кутман таңың менен, Кыргызстан» аттуу автордук уктурууларды даярдап алып барган.

- Кыргыз телекөрсөтүүсүндө Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраев тууралуу «Түбөлүктүүлүккө сапар», Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Өскөн Даникеев тууралуу «Сөз дыйканы»,

СССРдин эл артисти Самара Токтакунова тууралуу "Күү Умайы" ж.б. даректүү тасмалары тартылган.

- Би-Би-Си дүйнөлүк кызматында кыргыз элинин залкар инсандары тууралуу "Асылдар дүйнөсү" жана "Насыйкат" уктурууларынын автору.

Драмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Курманжан датка". – М.Рыскулов атындагы академиялык Нарын музыкалык драма театры, 2000.
  • "Атаке баатыр". – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, 2004.
  • "Актриса". – М.Рыскулов атындагы академиялык Нарын музыкалык драма театры, 2006.
  • "Көк Теңирдин белеги". Тунгуч драма театры, 2008.
  • "Манасчы". – Туңгуч драма театры, 2009.
  • "Жаркынайым". - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалык драма театры, 2010.
  • "Коркут" -Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, 2016
  • "Керээз" - Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, 2018
  • "Үмүт" - Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театры, 2020.

2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Адмирал Темиров: Очерк. Б.: Ульпат ЛТД, 1999. 54 б.
  • Эт жебес Эшимов: Даректүү баян. Б.: Турар, 2003. 194 б.
  • Эгиз комуз кайрыгы: Даректүү баян. Б.: Бийиктик, 2007. 194 б.
  • Тарых менен сүйлөшүү: Драмалар. Б.: Турар, 2007. 112 б.
  • Көк Теңирдин белеги: Драмалар. Б.: Турар, 2010.224 б.
  • Кыргыз үнү Кыргыз радиосу; Монография. Б; Учкун, 2011. 300 б.
  • Мөлтүр суудай өмүр; Көркөм аңгеме. Б; Улуу тоолор, 2014. 350 б

Сценарийлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгы (2001)

- Кыргыз радиосунун 75 жылдыгына карата «Бишкектен сүйлөйбүз» (2006),

- Диктор Тамара Алсеитованын 50 жылдыгына карата «Аргендей добуш үн калды» (2007),

- Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеевдин 80 жылдыгына карата «Өмүр жыты» (2007),

- СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын 50 жылдыгына карата «Таңшы комуз» (2007),

- Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 50 жылдыгына карата «Улуттун жүзү» (2008)

- Кыргыз Радиосунун 85 жылдыгына карата "Кыргыз үнү-Кыргыз радиосу" (2016)

- Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы (Токмок, Бурана 2017)

- Бүткүл дүйнөлүк 3-көчмөндөр оюну, Кырчын жайлоосундагы "Көчмөн кайрыктары" фестивалы (2018)

- "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалынын ачылыш жана жабылыш салтанаты (2018)

- Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору долбоорунун ачылыш салтанаты (2019)

- Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитинин Гала-концерти (2019)

- 1-Республикалык Көчмөндөр оюну (Талас, 2019) ж.б. театрлаштырылган адабий сценарийлерин жазган.

Бир нече кече, фестиваль, салтанаттардын алып баруучусу болгон.

Сыйлыктары:

1999- жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын Ардак Грамотасы,

2004-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын Ардак грамотасы.

2004-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси.

2006-жылы «Улуттук телерадионун отличниги» .

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыган.

2012-жылы "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси

2016-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Халдун Танер медалы

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы

2017-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгы.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы

2020-жылы Эл аралык "Түгөлбай Ата" сыйлыгы "Көк асаба" диплому.

2023-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун юбилейлик медалы.

2023-жылы Казакстан Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси.

2023-жылы Казакстан Республикасынын Президентинин Алкыш катына жана "Алтын Барыс" өзгөчө белгисине татыды.

2023-жылы Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик искусство жана маданият институтунун Ардактуу профессору илимий наамы.

2023-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ардактуу наамынын ээси болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]