Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театры

Википедия дан
Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры (өзб. Бобур номли Ўш Давлат академик ўзбек мусиқали драма театри)
Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 326 үй
Жалпы маалымат
Өлкө

Кыргызстан

Негизиндөөчүсү

Рахмонберди Мадазимов 1914 жылы, Уринбой Рахмонов

Жетекчиси

Набижон Мамажонов

Мурдагы аталыштары

Киров атындагы Ош өзбек музыкалуу драма театры

Урааны

Ар дайым биринчи!

Дареги

Кыргызстан, Ош шаары, Ленин көчөсү, 326 +9963222 5-57-85, 2-12-41, 4-94-36

http://teatrbabur.kg/index.php/ru

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры (орус. Ошский Государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура) Кыргызстанда эң байыркы, Борбордук Азияда экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет жана Рахмонберди Мадазимов тарабынан 1914 жылы негизделген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилигинде Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген[1][2].

1918 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилигинде Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхан Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовдор менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасынын базасында Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[3]. 1919 жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды, ал труппага кийин Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовдор кошулду. Бул труппа Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду. Ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын түзүү үчүн негиз болуп калды[4]. Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914 жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет[5].

Театр Ош уездинын бардык райондорунда болуп, ал жерде спектаклдер коюп, көркөм өнөр жана маданият куралы менен Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөштү. Театр артисттери Ош шаарынын милициясынын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы жана Кыргызстан Улуттук коопсуздук комитетинин негиздөөчүсү жана Ош уездинын ЧКнын биринчи башчысы Балтыходжа Султанов менен бирге Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлигин орнотуу үчүн активдүү катышкан.

Театр труппасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Маннон Уйгурдын "Түркстандык табып" пьесасы өз убагында реакционерлердин кескин нааразылыгын келтирди. Ошол кезде труппа курамында аял актрисалар жок эле, анда аялдардын ролун Журахон Зайнобиддинов мыкты аткарган. 20-жылдар аягында сахнада биринчи жолу актриса аялдар көрүндү. Реакционерлер тарабынан таланттуу актрисалар Н. Юлдашева жана Р. Парпиевалар ырайымсыз өлтүрүлгөн[6].

Жарандык согуштун убагында Ошко чектеш болгон райондор согуш майданына айланды. Ош шаарынын милициясынын башчысы жана Ош уездинын ЧКнын биринчи башчысы Балтыходжа Султановдун сунушу менен театралдык труппа бул фронттун катышуучусу жана большевиктер партиясынын үгүтчүүсү болуп калды. Театралдык труппа Ош уездинин бардык айылдарында, базарларда, аянттарда жана эл көп чогулган башка жерлерде спектаклдер жана концерттерди коюп, Кыргызстандын көркөм өнөрун жана маданиятын өнүктүрүүго зор салым кошкон. Көрүнүктүү революция ишмерлери Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбековдор театралдык труппанын жаш жамаатына бутга турууга жардам берди[7].

Б. Султановдун кудасы Ош өзбек театрынын биринчи негиздөөчүсү, директору жана көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов мындай айтып жүргөн: Корбашы Мадаминбек Андижанга жакын жерлерде талоончулук кылып, тургундарга куралдуу кол салып жүрдү. Ош шаарынын милициясынын башчысы жана Ош уездинын ЧКнын башчысы Балтыходжа Султанов жана Ош гарнизону Андижан аскердик гарнизонун курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн жардам берүүнү каалады. Бирок, ал жакка куралды кандай жеткирүүгө болот? Бул көйгөйдү театр артисттери чечти. Арабаны жасалгалашты, анга курал-жаракты жайып коюшту, үстүнөн төшөктөр коюшту. Артист Рахмонберди Мадазимов грим сыйпоолоп жана чоң "ишан"-диний үгүттөөчү болду. Дагы эки актёр анын "муридтери"-шакирттери болуп калды. Өзүнө жакын мусулмандардын ыйык Куран китебин коюшту, аны окуп жолго түштү. Араба Ходжаабадга жакындап барганда ок атылганы угулду. Арабаны ондогон басмачылар курчооду. Ошондо арабакеч басмачыларга бармагы менен "жымжырт" деп белгисин көрсөттү жана парданы тартып койду. Басмачылар "ишан" жана анын "шакиртерин" көрүүштү жана жүгүнүүштү. Андан кийин аларды Андижанга чейин урмат менен жеткиришти. Курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн труппанын мындай "постановкалары" бир нече жолу кайталанды.

Кыргыз АССР эл комиссарлары Кеңешинин 1929 жылдагы токтомуна ылайык театр өз ишин кесипкөй негизде баштаган. Ошол убакыттан баштап театр сахнасында көйгөйлүү маселелерди чагылдырган чоң пьесалар жана чыгармалар коюлган. Сахнада Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Камил Яшин жана Музаффар Мухамедовдун "Гулсара" музыкалуу драмасы чоң окуялардын бири болуп калды. 1929-1931-жылдары театрда Рахмонберди Мадазимов тарабынан К. Яшиндын "Лолахон", "Ажи-ажи" пьесалары коюлду. Бул чыгармалар идеялык душмандардын кара ойлорун ачып берди. "Лолахон" спектакли Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ходжаабад эмгекчилерин арасында көп жолу коюлуп жатты. Театр кызматкерлерине карата реакциялык элементтер бир катар кол салууларды уюштуруштуу. Театр артисттери Рахмонберди Мадазимовду, Розияхон Муминованы, Тожихон Хасанованы, Уринбой Рахмоновду кармап алуу жана көздөрүн чукуу үчүн жалдангычтар даярдалган эле. Артисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларга куралдуу сакчылар коюлган эле.

Балтыходжа Султанов
Журахон Зайнобиддинов, элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы кесиптик уюмдар кызматкерлерин биринчи съезд катышуучуларын арасында. Сүрөт 1920 ж.

Уюштуруу кыйынчылыктарга карабастан, Театр өзүнүн репертуарын жаңы идеялык жана чоң көркөм чыгармалардын эсебинен кеңейтти. Театрга бул учун СССРдин эл артисти Рахим Пирмухамедов, Өзбекстандын эл артисттери Хикмат Латипов жана Кудрат Ходжаевдер чоң практикалык жардам көрсөтүштү. Ош театрынын сахнасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан "Эки коммунист", "Достор", "Алишер Навои" жана башка чыгармалар коюлду.

1934 жылы театр жамааты Ленинград, Москва, Ташкент шаарларында биринчи гастролдорундо катышты. 1934 жылдын августунда театралдык жамааттын курамында 70 адам Ленинград шаарына гастролдорго барды. Театр репертуары "Фархад менен Ширин", "Лейла менен Маджнун" жана башка өзбек пьесалары тузду. Ленинграддын искусство сүйүүчүлөрү театр чыгыштарын жакшы кабыл алышты. Ошондуктан узак эмеске пландаштырылган бул гастролдор дээрлик бир айга созулду. Театрдын жамааты чыгармачыл жолугушууларды ишканаларда, окуу жайларында, укмуштуу "Аврора" крейсерда жүргүздү.

Бардыгы болуп 22 концерт коюшту. Гастроль аягында артисттерди Ленинград партия обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров кабыл алды. Ал белгилегендей, коюлган спектаклдер жана концерттер ленинграддыктарга чоң таасир кылды жана алардын эсинде калат. Жолугушууга Уринбой Рахмонов, А. Насриддинов, Кадыржан Хамидов, З. Умаров, Гуламжан Исраилов, Б. Махмудов, Тожихон Хасанова, Лайлихон Моидова, Р. Ахмедов, Б. Ортиков, И. Худайбердиев, Зиямиддин Шакиров, Лутфулло Ходжаев, Р. Мухаммаджанов, Ж. Юсупжанов, Ж. Мухаммаджанова, Д. Каюмов, П. Салиев жана башкалар катышкан. Жолугушуунун аягында алар С.М. Киров менен сүрөткө түшүүштү. С.М. Киров өлгөндөн кийин 1937 жылы драма театрге С.М. Кировдун аты коюлду.

1934 жылы Ташкентте пахтакер алдыңкылардын чогулушу өткөрүлгөн. Өзбек ССР Борбордук аткаруу комитети президиумдун төрагасы Юлдаш Ахунбабаевдун чакыруусу боюнча театрдын жамааты слёт катышуучуларына концерт коюу үчүн Ташкентке барды. Слёт катышуучулары обончу Абдулла тарок Файзуллаевдун, артисттер Уринбой Рахмоновдун, Р. Муминованын, Т. Хасанованын, Л. Моидованын, К. Хамидовдун, Ж. Исраиловдун чыгыштарын кулак тундурган кол чабуулар менен кабыл алды. 1934 жылы театр Москва гастролдорунда эле катышкан. 26 май-4 июнь 1939 жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасында катышкан жана чыгармачылык топ катышуучулары М.И. Калинин менен жолукту[8].

1939 жана 1940 жылдары Фрунзе шаарында гастролдордо катышкан. 1939 жылы театрдын жетекчи артисттери Розияхан Муминова жана Абдулла тарок Файзуллаев Кыргызстанда биринчи болуп Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алышкан[9].

Улуу Ата-Мекендик согуштун башынан бери театрдын көптөгөн артисттери өз ыктыяры менен согушке барды. Согушта Уринбой Рахмонов оор жараат алгандан кийин, Ош шаарына жиберилди. 1942 жылы ал театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды жана театрды 1949 жылга чейин жетектеген.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош театрынын артисттери фронттордо болуп жана жоокерлерге мекенчилдик спектаклдер койду. Уринбой Рахмонов, Б. Хасанова, Э. Бутаева, М. Атабаев жоокерлерди эрдикке чакырды. Бул жылдары сахнада Уринбой Рахмонов тарабынан Камил Яшиндын "Бороон", "Оккупанттерге өлүм!", Сабир Абдулланын "Курбан Умаров", Уйгундын "Жашоо ыры", Билль-Белоцерковскийдын "Чек арачылар" , Корнейчуктун "Фронт" чыгармалары коюлду. Театралдык жамаат эмгекчилердин массасын аскердик-патриоттуулук духунда тарбиялоого чоң салымын кошкон. Театралдык жамааттын чыгармачылык потенциалын ачып берүү үчүн сахнага Уринбой Рахмонов тарабынан коюлган Хамзанын "Бай жана батрак", "Майсаранын жоруктары", К. Тренёвдун "Любовь Яровая" Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", С. Абдулланын "Тахир менен Зухра", М. Ордубадинын "5 сомдук келин", Хуршиддын "Фархад менен Ширин", К. Яшиндын "Гулсара", Уйгундын "Жаз", "Алтынкуль" чыгармалары чоң ролду ойноду[10].

Театралдык жамааттын жана театрдын жетектөөчү актёру Журахон Рахмоновдун чыгармачылык көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң ролду ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовдун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвдун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдын "Добул", Насриддин Байтемировдун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.

14-25 октябрь 1958 жылы Ош өзбек драма театрынын жамааты Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961 жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды жана театрдын жетектөөчү артисти Дилдорбек Рахмоновдун ойногон ролдору жогору бааланды. 11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрүндө катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В.И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан[11].

Театрдын жетектөөчү актёру Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулган) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюуда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды[12]. Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан.

С.М. Киров атындагы Ош театры 1992 жылы Бабур атындагы өзбек музыкалуу-драма театры болуп атын өзгөрттү.

2004 жылы Бабур атындагы Ош өзбек музыкалуу-драма театрына «Академиялык» деген статус берилди[13].

2006 жылы Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен театрга "Мамлекеттик театр" макамы берилди.

29 ноябрь 2014 жылы Борбордук Азияны байыркы театрынын 95 жылдык юбилейине арналган театрализациялашкан концерт коюлду. Каржы маселеси чечилбегендигине байланыштуу 2018 жылы театр өзүнүн кылымдык юбилейин белгилөө тоюн өткөрө алган эмес[14].

Өзбекстандын өкмөтү театрдын имаратын реконструкциялоого 7 миллион доллар бөлгөн.[15] 2023 жылы театрдын 105 жылдыгын жаңы имаратта өткөрүү пландалууда.

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыдан көчурмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры алгач (1919-жылдан) өз демилгелүү драма ийрими болуп, 1932-ж. профессионал музыкалуу драма театры катары Ош шаарында уюшулган. Театр 19341992-ж. С.М. Кировдун ысмын алып жүргөн, 1992-жылдан Бабурдун атында. Театр концерт программасы менен бирге драма жана музыкалуу драма спектаклдерин коёт. 1934-ж. концерттик программа менен Москва, Ленинград шаарында гастролдо болгон. Койгон белгилүү спектаклдери: К. Яшен, «Эки коммунист» (1933); Г. Зафари, «Халима» (1933); К. Гоцци, «Турандот каныша», Н. Гоголь «Текшерүүчү» (1934); Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна» (1936); Хамза, «Бай жана батрак» (1939), «Майсаранын жоруктары» (1941); И. Акрамов, «Адолат» (1950, 1975); Г. Гулам, «Ташбалта ашык» (1960, 1974); К. Маликов, «Бийик жерде» (1960); К. Жантөшев, «Тоо бүркүтү» (1965), Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» (1966); А. Рахмат, «Абдулла Набиев» (1967); Ш. Рашидов, «Кубаттуу толкун» (1969); А. Абдугафуров, «Ач көздүк» (1972); Т. Абдумомунов, «Ашырбай» (1974); Н. Байтемиров, «Уркуя» (1977) ж. б. Алгачкы артисттери: Рахмонберди Мадазимов, Бекназар Назаров, Уринбой Рахмонов, Абдулла тарок Файзуллаев, Журахон Рахмонов, Разия Муминова, Лайлихан Маидова ж. б. Режиссёрлору: Ф.А. Литвинская, С. Юлдашев, Э. Мурадов, С. Умаров, сүрөтчүсү Т. Сафаров, дирижёру Т. Арифхожаев. Театрда Кыргыз ССР эл артисти Турсунхон Солиева, Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттери Ж. Рахмонов, Х. Хасанов, Т. Урунова ж. б. иштеген.

2004 жылы Бабур атындагы Ош областтык өзбек музыкалуу-драма театрына «академиялык» деген статус берилди[16].

Театр артисттерин эскерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен Ош облусунун көчөлөрүнүн театрдын артисттерин ысымдарын ыйгаруу аркылуу бекемделген.

Театрдын негиздөөчүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Рахмонберди Мадазимов (1914 жылдан)
  2. Балтыходжа Султанов
  3. Бекназар Назаров
  4. Иброхим Мусабоев
  5. Журахон Зайнобиддинов
  6. Назирхон Камолов[19][20][21][22][23][24]
  7. Абдурашид Эшонхонов[25]
  8. А. Саидов
  9. Уринбой Рахмонов (1927 жылдан)
  10. Журахон Рахмонов

Театр артисттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан эл артисттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абдулла тарок Файзуллаев (1940 жыл)[26][27]
  2. Розияхон Муминова (1940 жыл)[28][29][30]
  3. Тожихон Хасанова (1940 жыл)[31][32][33]
  4. Лайлихон Моидова (1953 жыл)[34][35]
  5. Турсунхон Солиева (1974 жыл)[36][37]
  6. Нематжон Нематов (1979 жыл)[38]
  7. Толибжон Бадинов (1988 жыл)[39][40]
  8. Ойтожихон Шобдонова (1988 жыл)[41]
  9. Шавкат Дадажонов (1999 жыл)[42]
  10. Абдурасулжон (Расул) Ураимжонов (31 октябрь 2011) жыл[43]

Өзбекстан эл артисттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абдулла тарок Файзуллаев (1943 жыл)[44]
  2. Кифоят Муслимова[45][46][47]
  3. Ёркиной Хотамова

Өзбекстан эмгек сиңирген артисттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Журахон Рахмонов (5 июль 1974 жыл)
  2. Шавкат Дадажонов (5 июль 1974 жыл)

Кыргызстан эмгек сиңирген артисттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Саримсок Каримов
  2. Тупахон Нурбоева
  3. Шаробиддин Тухтасинов
  4. Хошимжон Хасанов
  5. Кодиржон Хамидов
  6. Ганижон Бутаев
  7. Бозорбой Юлдашев
  8. Мавлонжон Курбонов
  9. Ёркиной Хотамова (1967 жыл)
  10. Минура Расулжонова
  11. Мастурахон Усмонова
  12. Жамила Бутабоева (1988 жыл)[48]
  13. Рисолатхон Урунова
  14. Нигорой Расулжонова (1990 жыл)
  15. Умаржон Мамиров (1990 жыл)
  16. Режаббой Тожибоев (1990 жыл)[49]
  17. Махмуджон Рахматов (1990 жыл)[50]
  18. Матлюба Мавлонова (1995 жыл)
  19. Зиёйдин Жалолов (1999 жыл)
  20. Мавлюда Абдужабборова (2001 жыл)
  21. Хамидулло Матхоликов (2003 жыл)[51][52]
  22. Дилором Соипова (2004 жыл)[53][54]
  23. Алла Аскарова[55]
  24. Самида Холматова (2008 жыл)[56]
  25. Хаётхон Мадрахимова (29.08.2019 yil)[57]

Кыргызстан маданиятка эмгек сиңирген ишмерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Таврис Мутыкович Сафаров
  2. Фаина Анатольевна Литвинская[58]
  3. Салохиддин Умаров (1990)
  4. Зокиржон Шокиров (1990)[59]
  5. Ганижон Холматов[60]
  6. Набижон Мамажонов (5.06.2017)[61]

Кыргызстан маданиятын мыктылери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Нуржахон Гапирова[62]
  2. Олимжон Комилов
  3. Зиёйдин Камолов
  4. Дилшод Курчиев
  5. Ойбек Юлдашев
  6. Бахтиёр Хурбоев[63]
  7. Дилшод Азимов[64]
  8. Хаётхон Мадрахимова
  9. Одина Аббосова (2014)[65]
  10. Маъмура Аскарова (2014)
  11. Бахтиёрхон Хайитмухамадова (2017)[66]
  12. Илхом Ахмад (Маматохунов)[67]
  13. Ёкутой Шаропова[68]

Театрдын репертуары[69][түзөтүү | булагын түзөтүү]

Театр түзүүлгон күндөн тартып сахнасында 600 ашык чыгармалар коюлду.

Год Название Оригинальное название өзб. {{{1}}} Автор
1919 Отцеубийца Падаркуш М. Бехбудий
1919 Лекарь из Туркестана Туркистонлик табиб Маннон Уйгур
1920 Отравленная жизнь Заҳарли ҳаёт Хамза
1921 Сирота Етим Гулом Зафарий
1922 Наказание клеветников Туҳматчилар жазоси Хамза
1923 Лолахон Лолахон Комил Яшин
1924 Рапорт с юга Жанубдан рапорт Махмуд Рахмон
1925 Гулсара Гулсара К.Яшин жана М. Мухамедов Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
1926 Два коммуниста Икки коммунист К.Яшин
1927 Друзья Ўртоқлар К.Яшин
1928 Внутри Ичкарида К.Яшин
1929 Халима Ҳалима Гулом Зафарий
1929 Ажи-ажи Ажи-ажи К.Яшин
1930 Истории на хлопковом поле Пахта шумғиялари Умаржон Исмоилов
1931 Женитьба Уйланиш Н.В. Гоголь
1932 Переводчик Тилмоч Маннон Уйгур
1933 ru:Аршин мал алан Аршин мол олон Узеир Гажибеков
1934 Ревизор Ревизор Н.В. Гоголь
1935 История заговорила Тарих тилга кирди Назир Сафаров, Зиё Саид
1935 Сожжём Ёндирамиз К.Яшин
1936 Вместо смерти Ўлим ўрнига Ж. Турусбеков
1936 Любовь Яровая Любов Яровая К. Тренёв
1936 Комсомольский взвод Комсомол взводи Тожизода
1937 Обман и любовь Макр ва муҳаббат Фридрих Шиллер
1937 Фархад и Ширин «Фархад менен Ширин» Ш. Хуршид
1938 Слуга двух господ Икки хўжайинга бир қул К.Гольдони
1938 Сабля Узбекистана Ўзбекистон қиличи Сабир Абдулла
1939 Пограничники Чегарачилар Билль-Белоцерковский
1939 Бай и батрак Бой ила хизматчи Хамза
1939 Тахир и Зухра Тоҳир ва Зуҳра Сабир Абдулла
1940 Холисхон Холисхон Хамза
1940 Буран Бўрон К.Яшин
1941 Гулсара Гулсара К.Яшин жана М.Мухамедов Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
1941 Лейла и Маджнун Лайли ва Мажнун Хуршид
1941 Курбан Умаров Қурбон Умаров Сабир Абдулла
1942 Смерть захватчикам! Ўлим босқинчиларга! К.Яшин
1942 Проделки Майсары Майсаранинг иши Хамза
1942 Фронт Фронт Корнейчук
1943 Даврон ата Даврон ота Сабир Абдулла
1943 Зафар Зафар Умаржон Исмоилов
1944 Нурхон Нурхон К.Яшин
1944 Невеста за 5 сом Беш сўмлик келин М. Ордубади
1945 Песня жизни Ҳаёт қўшиғи ru:Уйгун
1946 Честь женщины Аёл номуси Мухтаров
1947 Весна Навбаҳор ru:Уйгун
1947 Фархад и Ширин «Фархад менен Ширин» Хуршид
1948 Красный галстук Қизил галстук К. Тренёв
1948 Песня жизни Ҳаёт қўшиғи ru:Уйгун
1948 Алтынкуль Олтинкўл ru:Уйгун
1949 Лепестки Ғунчалар Зиннат Фатхуллин
1949 Семург Семурғ Хамид Алимджан
1950 Адолат Адолат Исмоил Акрам
1950 Алпамыш Алпомиш Сабир Абдулла
1951 Токтогул Тўқтағул Ж. Бөкөнбаев
1951 Лейли и Меджнун Лайли ва Мажнун Хуршид
1952 Ёрилтош Ёрилтош Шукур Саъдулла
1952 Радость Шодлик Махмуд Рахмон
1952 Шёлковое сюзане Шоҳи сўзана Абдулла Каххар
1953 Алишер Навои Алишер Навоий Иззат Султан
1953 Наталка Полтавка Наталка Полтавка Н. Лысенко
1953 Нурхон Нурхон Комил Яшин
1954 Праздник на поле Далада байрам Шукур Саъдулла
1954 Сердечные секреты Юрак сирлари Бахром Рахмонов
1955 Офтобхон Офтобхон Комил Яшин
1955 Девушка реки Ганг Ганг дарёсининг қизи Рабиндранат Тагор
1956 Равшан и Зулхумор Равшан ва Зулҳумор Комил Яшин
1956 Любовь к Родине Ватан ишқи Зиннат Фатхуллин
1956 Сундук секретов Сирли сандиқ И. Ахмедов
1957 Алпамыш Алпомиш Сабир Абдулла
1957 Юлдуз Юлдуз Самед Вургун
1958 Ойгул и Бахтияр Ойгул ва Бахтиёр Хамид Алимджан
1958 Именем революции Революция номи билан М. Шатров
1959 Орзигул Орзигул Турсун Собиров
1959 Ашик Гариб и Шахсанам Ошиқ Ғариб ва Шоҳсанам Ахмад Бобожон
1959 Тайфун Тайфун Ахмад Бобожон
1959 Секреты паранджи Паранжи сирлари Хамза
1960 На высокой земле Баланд ерда Кубанычбек Маликов
1960 Ташбалта влюблён Тошболта ошиқ Хамид Гулям
1960 Принцесса Турандот Малика Турандот Карло Гоцци
1961 Если твоя голова кривая Башаранг қийшиқ бўлса Рихси Орифжонов
1961 Дилором Дилором Комил Яшин
1962 Два браслета Икки билакузук Шукур Саъдулла
1962 Судьба отца Отанинг тақдири Бексултан Жакиев
1963 Дитя Фарзанд Мухаммаджон Хайруллаев
1963 Голос из гроба Тобутдан товуш Абдулла Каххар
1963 Мели хоббон, Наби товон Мели ҳаббону Наби товон Яхёхон Маматхонов
1964 Трагедия поэмы Ғазал фожиаси Ахмад Бобожон
1964 Дорогие девушки Жон қизлар Байсеитов, Шангитбоев
1964 Отелло Отелло Уильям Шекспир
1964 Чертова девушка Шайтон қиз Касымалы Жантөшев
1964 Нимми Нимми Премчанд
1965 Гули сиёх Гули сиёҳ Сахиб Жамал
1965 Любовь в молодости Ёшликда берган кўнгил Зиннат Фатхуллин
1965 Горный беркут Тоғ бургути Касымалы Жантөшев
1965 Полёт беркута Бургутнинг парвози Иззат Султан
1966 Неизвестный человек Номаълум киши Иззат Султан
1966 Гул и Навруз Гул ва Наврўз Сабир Абдулла
1966 Материнское поле Момо ер Чыңгыз Айтматов
1966 Парвона Парвона Уйгун
1967 Дилором Дилором Алишер Навои
1967 Абдулла Набиев Абдулла Набиев Адхам Рахмат
1967 Сваты Қудалар Уткир Рашид
1967 Девушка с усами Мўйловли қиз Касымалы Жантөшев
1968 Скорпион из алтаря Меҳробдан чаён Абдулла Кадыри
1968 Стряпуха замужем Пазанда куёвга чиқди Анатолий Софронов
1968 Новая невеста Янги келин Мырзабек Тойбаев
1968 Меж двух огней Икки ўт орасида Бекниёзов, Исмаилов
1968 Сожаление Пушаймон Абдугани Абдугафуров
1969 Женитьба Уйланиш Н. В. Гоголь
1969 Странные вещи Ажаб савдолар Хамид Гулям
1969 Могучая волна Қудратли тўлқин Шараф Рашидов
1969 Когда заря взойдёт над Ферганой Фарғонада тонг отгунча Мирзакалон Исмоилий
1970 Кто смеётся последним Йиқилган тойганга кулар Т. Абдумомунов
1970 Невеста за 5 сом Беш сўмлик келин Мамед Саид Ордубади
1970 Дешёвый жених Арзон куёв Шухрат
1970 Требуется лжец Ёлғончи даркор Димитрис Псафас
1971 Приключения Чанду Чандунинг саргузаштлари А.Д. Иловайский
1971 Обман по шариату Ҳийлаи шаръий Решат Нури Гүнтекин
1971 Рустам Рустам Умаржон Исмаилов
1971 Перед рассветом Тонг олдидан Суорун Омоллоон
1972 Чертовое поколение Шайтон авлод Мухтаров
1972 Девушка Атабека Отабекнинг қизи Токтоболот Абдумомунов
1972 Зло от аппетита Балойи нафс А. Абдугафуров
1973 Начало жизни Ҳаётнинг бошланиши Абдукаххор Маннонов
1973 Гроза Момақалдироқ Александр Островский
1973 Ташбалта влюблён Тошболта ошиқ Хамид Гулям
1973 Горная красавица Тоғ гўзали Саидмуродов
1974 Куйдирмаган кундош Куйдирмаган кундош А. Абдугафуров
1974 Красавица Соҳибжамол Жура Махмудов
1974 Аширбой Аширбой Аалы Токомбаев
1974 Преступление без наказания Жазосиз жиноят Рихси Орифжонов
1974 Бунт невесток Келинлар қўзғолони Саид Ахмад
1975 Орзигул Орзигул Турсун Собиров
1975 Ревизор Ревизор Н.В. Гоголь
1975 Человек издалека Узоқдаги одам Умарахунов
1975 Старики с молодыми душами Кўнгли ёш қариялар Хутаев
1975 Адолат Адолат Исмаил Акрам
1976 Рука друга Дўстим қўли Мехрибон Назаров
1976 Никому не говори Ҳеч кимга айтма Т. Абдумомунов
1976 Шутник Али Масхарабоз Али Бабаханов
1976 Сундук секретов Сирли сандиқ Ахмедов
1977 Переполох перед свадьбой Тўй олдидан тўполон Папаян
1977 Уркуя Урқуя Насридин Байтемиров
1977 Наследство отцов Оталар мероси А. Абдугафуров
1977 Жалость к животному Армонли жонивор Аалы Токомбаев
1978 Легендарная личность Афсонавий шахс Сахиб Джамал
1978 Разбойник и гончар Қароқчи билан кулол Мехмон Бахти Archived 2018-03-07 at the Wayback Machine
1978 Семург Семурғ Зульфия
1978 Святой город Муқаддас шаҳар А.Н. Арбузов
1978 Любовь к Родине Ватан ишқи З. Фатхуллин
1979 Старый холостяк Қари бўйдоқ Мирзабек Тойбаев
1979 Гул и Навруз Гул ва Наврўз Сабир Абдулла
1979 [:ru:[Васса Железнова]] Васса Железнова Максим Горький
1979 Весна Баҳор М. Тахмасиб
1979 Бунт невесток Келинлар қўзғолони Саид Ахмад
1980 Два браслета Икки билакузук Шукур Саъдулла
1980 Гипноз-2 Гипноз-2 А. Абдугафуров
1980 Неркес Неркес Берди Кербабаев
1980 ru:Мещанин во дворянстве Сохта оқсуяк Мольер
1981 Белый жеребец Оқ тулпор Шатман Садыбакасов
1981 Посмертный долг Қиёмат қарз Улмас Умарбеков
1981 Дорога в Чаткал Чотқолга йўл Максим Каримов
1981 Дешёвый зять Арзон куёв Шухрат
1982 Приглашаем на свадьбу Тўйлар муборак Уткир Хашимов
1982 ru:Медея Медея ru:Эврипид
1982 Омар Хайям Умар Хайём Гүнтекин
1982 Не зная наступил колючку Билмайин босдим тиконни Иззат Султан
1983 Изобретательный Талмас Топқир Толмас А. Абдугафуров
1983 Кровавый мираж Қонли сароб Сарвар Азимов
1983 ru:Тахир и Зухра Тоҳир ва Зуҳра Сабир Абдулла
1983 ru:Первый учитель Биринчи ўқитувчи Чингиз Айтматов
1983 В ночь лунного затмения Ой тутилган кунда Мустай Карим
1984 Конец традиций Одат ҳалокати Мехрибон Назаров
1984 Дорогие девушки Жон қизлар Байсеитов, Шангитбаев
1985 ru:Похождения Насреддина Хўжа Насриддин В. Виткович
1985 Путешествие в мир тайн Сирлар дунёсига саёҳат Умаржон Алимжанов
1985 Зебунисо Зебунисо ru:Уйгун
1985 ru:Мещанин во дворянстве Сохта оқсуяк Мольер
1985 Наследство Мерос А. Абдугафуров
1986 Если не я, то кто? Мен бўлмасам ким? А. Абдугафуров
1986 Полёт Парвоз ru:Уйгун
1986 Проделки Майсары Майсаранинг иши Хамза
1987 Кровавый мираж Қонли сароб Сарвар Азимов
1987 Конфета дружбы Дўстлик конфети Умаржон Алимжанов
1987 Семетей сын Манаса Манаснинг ўғли Семетей Жалил Садиков
1987 Весна двадцать первого 21-йил баҳори Штейн
1988 Врата судьбы Тақдир эшиги Шараф Башбеков
1989 Прекрасная принцесса Ташкента Тошкентнинг нозанин маликаси Хайдар Мухаммад
1989 Зять Куёв Саид Ахмад
1989 Ёрилтош Ёрилтош Шукур Саъдулла
1989 Адолат Адолат Исмаил Акрам
1990 Враг народа Халқ душмани А. Абдугафуров
1990 Согдиана Суғдиёна Умаржон Алимжанов
1990 Равшан и Зулхумор Равшан ва Зулхумор К.Яшин
1991 Упрямый зять Қайсар куёв Мехмон Бахти Archived 2018-03-07 at the Wayback Machine
1991 Курманжан Датка Қурмонжон Додхо А. Абдугафуров
1992 5 жён Афанди Афандининг беш хотини Иброхим Содиков
1992 Соляная степь Шўр макон Мурза Гапаров
1992 Нодира Нодира Хошимжон Раззоков
1993 Путь в рай Жаннатга йўл Абдулла Орипов
1993 Кто смеётся последним Йиқилган тойга кулар Токтоболот Абдумомунов
1993 Таинственный колос Сирли бошоқ Равшан Ёриев
1993 Когда земля горит Ер ёнганда Улмас Умарбеков
1994 Современные зятья Замонавий куёвлар Камилжан Нишанов
1994 Хасан-Хусан разборщики Ҳасан-Ҳусан разборчилар Умаржон Алимжанов
1995 Ташбалта влюблён Тошболта ошиқ ru:Хамид Гулям
1995 Семетей сын Манаса Манаснинг ўғли Семетей Жалил Садиков
1995 Могучая волна Қудратли тўлқин Шараф Рашидов
1996 Сохибкирон (Венценосец) Соҳибқирон Абдулла Орипов
1996 Хочу умереть, нужен спонсор Ўлмоқчиман, ҳомий керак Мурза Гапаров
1996 Семург Семурғ Зульфия
1997 Чулпан Чўлпон Тулан Низам
1998 Когда выйдет получше Зўрдан зўр чиқса Шараф Башбеков
1998 Камчибек Қамчибек Суранчи Жетимишев
1998 Золотой кувшин Олтин кўза Эркин Байназаров
1999 Процентщик Ланкабай Процентчи Ланкабой А. Абдугафуров
1999 Макбет Макбет У.Шекспир
2000 Песня о Бабуре Бобур ҳақида қўшиқ Жалил Садиков
2001 Ёрилтош Ёрилтош Шукур Саъдулла
2001 Одолжи супруга Эрингни бериб тур Сайлавбай Джумагулов
2002 Тайна, унесённая ru:Чингизханом Чингизхон олиб кетган сир Мухтар Шаханов
2002 Жизнь Оби ҳаёт Джамал Акматалиев
2003 Когда выйдет получше Зўрдан зўр чиқса Шараф Башбеков
2003 Чулпан Чўлпон Тулан Низам
2004 Соляная степь Шўр макон Мурза Гапаров
2004 “Любовь Улугбека” Улуғбек муҳаббати Максуд Шайхзада
2005 Песня о Бабуре Бобур ҳақида қўшиқ Жалил Садиков
2005 Золотая девушка Олтин қиз Хайитмат Расул
2006 Слёзы царицы Маликанинг кўз ёши Султан Раев
2006 Эгривой и Тўгривой Эгривой ва Тўғривой Айбек Юлдашев
2007 Лес чудес Ғаройиботлар ўрмони Иномжон Турсунов
2007 Исповедь Муножот Тимур Зулфикаров
2008 ru:Лейла и Меджнун Лайли ва Мажнун Хуршид
2008 Друзья петушатники Хўрозбоз жўралар Эркин Байназаров
2008 Вечные судороги Мангу талваса У. Шекспир, А.С. Пушкин
2009 Далёкий путь в Мекку Макка сари олис йўл Султан Раев
2009 Старики озорники Бу чоллар ёмон чоллар Охунжон Хакимов Archived 2018-08-21 at the Wayback Machine
2009 Неблагодарные Ношукурлар Насрулла Кабул
2009 Волшебный мешок Сеҳрли қоп Олимжон Салимов
2010 Плаха Қиёмат Чингиз Айтматов
2010 Слёзы царицы Маликанинг кўз ёши Султан Раев
2010 Ловушка Фитна Насрулла Кабул
2010 Жаркынай Ёрқинойим Кайрат Иманалиев
2011 Далёкий путь в Мекку Макка сари олис йўл Султан Раев
2011 Слёзы царицы Маликанинг кўз ёши Султан Раев
2011 ru:Лейла и Меджнун Лайли ва Мажнун Хуршид
2011 Старики озорники Бу чоллар ёмон чоллар Охунжон Хакимов Archived 2018-08-21 at the Wayback Machine
2012 Царица змей Илонлар маликаси Ином Турсунов
2012 Боль болью не лечат Қалбга озор етмасин Б. Жакиев
2012 Разум и Алчность Ақл ва Очкўзлик А. Абдугафуров
2012 Путешествие в империю Лжи Ёлғон империясига саёҳат А. Абдугафуров
2013 Слёзы царицы Маликанинг кўз ёши Султан Раев
2013 Далёкий путь в Мекку Макка сари олис йўл Султан Раев
2013 ru:Лейла и Меджнун Лайли ва Мажнун Хуршид
2013 Боль болью не лечат Қалбга озор етмасин Б. Жакиев
2013 Исповедь Муножот Тимур Зулфикаров
2014 Семетей сын Манаса Манаснинг ўғли Семетей Жалил Садиков
2014 ru:Слуга двух господ Икки хўжайинга бир қул К.Гольдони
2014 Плаха (Плач волчицы) Қиёмат Чингиз Айтматов
2014 Часы времени Вақт соати
2014 Прости меня Кечир мени Гуласал Алиева
2015 Барсбек ru:каган Барсбек хоқон Султан Раев
2015 5 жён Афанди Афандининг беш хотини Иброхим Содиков
2015 Боль болью не лечат Қалбга озор етмасин Б. Жакиев
2015 Шесть жён на одного вдовца Бир бевага олти хотин
2015 Маугли Маугли Д.Р.Киплинг
2016 Барсбек Барсбек Султан Раев
2016 Сердце матери Она юраги М. Камилжанов
2016 Шесть жён на одного вдовца Бир бевага олти хотин
2016 ru:Манас Великодушный Саҳоватли Манас Жалил Садиков
2017 Душевные смятения Бабура Бобур туғёни П. Кодиров
2017 Тайны зеркала Кўзгу сири Р. Отарбаев
2017 Ричард III Ричард III Уильям Шекспир
2017 Зумрад и Киммат Зумрад ва Қиммат Узбекская народная сказка
2018 Звезда надежды (Пегий пёс, бегущий краем моря) Умид юлдузи Чингиз Айтматов
2018 Небеса полны милосердия Осмоннинг бағри кенг Сирожиддин Салохиддинов
2018 Дураки Жиннилар Иранская народная сказка
2019 ru:Король Лир Қирол Лир Уильям Шекспир
2020 Корона Тож Султан Раев
2020 К старухе пришла прачка Кир ювувчи кампирнинг олдига келди Мукаддас Мамадалиева
2020 Крик аистов Лайлакларнинг йиғиси Султан Раев
2021 Коркут Қўрқут Кайрат Иманалиев
2021 Надежда Умид Кайрат Иманалиев
2021 Тоска по Бабуру Бобур соғинчи ru:Хуршид Даврон
2021 Последняя жертва войны Урушнинг сўнгги қурбони Уткир Хашимов
2022 Самар Бону Самар Бону Сохибахон Хошимова
2022 Немая невеста Соқов келин Рихсивой Муҳаммаджонов
2022 Буратино и Джек Воробей Буратино ва Жек Воробей Эркин Бойназаров
2023 Аттила Аттила Юнус Огуз
2023 Поменяю своё сердце Юрагимни алмаштираман Халима Ахмедова
2023 Напрасная клятва Беҳуда қасам Эркин Бойназаров
2023 Катастрофа и разум Офат ва ақл
2023 Чипполино Чипполино Джанни Родари

Мындан тышкары, театр сахнасында көптөгөн концерттик программалар коюлган.

Башкы режиссёрлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Рахмонберди Мадазимов (1914-1932 жылдары)
  2. Болта Махмудов (1941 жылга чейин)
  3. Уринбой Рахмонов (1942-1949 жылдары)
  4. Гуломжон Исроилов
  5. Фаина Анатольевна Литвинская (1957-1967 жылдары)
  6. Собиржон Юлдашев
  7. Эркин Муродов
  8. Журабой Махмудов (1971-1975 жылдары)
  9. Салохиддин Умаров
  10. Махмуджон Гуломов
  11. Бообек Ибраев
  12. Абдурашид Бойтемиров
  13. Ганижон Холматов[70] (2007 жылга чейин)
  14. Каримжон Юлдашев
  15. Набижон Мамажонов

Театрдын көркөм жетекчилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Рахмонберди Мадазимов ( 1914-1932 жылдары)
  2. Болта Махмудов (1941 жылга чейин)
  3. С. Григорьян (1941-1942 жылдары)
  4. Уринбой Рахмонов (1942-1949 жылдары)
  5. Зиёйдин Камолов (2016-2018 жылдары)
  6. Равшан Турсунов 2018 жылдан.

Театрдын директорлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Рахмонберди Мадазимов ( 1914-1932 жылдары)
  2. Солихон Ахмаджонов
  3. Бобохон Ортиков
  4. Абдугани Нурбоев
  5. Салимжон Ёдгоров
  6. Фаттох Мансуров
  7. Лутфулла Исаков
  8. Махмуджон Умаров
  9. Алихон Жураев
  10. Нурмамат Солиев
  11. Солижон Розиков
  12. Мухаммадусмон Азизов
  13. Комилжон Восилов
  14. Хошимжон Юлдашев
  15. Набижон Мамажонов (4 май 2015-1 июль 2019)
  16. Азам Абдуразаков (2019 жылдан)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5 том, 763 бет. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  2. Энциклопедия Ошской области, Академия Наук Киргизской ССР. Раздел Театральная жизнь, 1987 жыл.
  3. Национальная Энциклопедия Узбекистана, Академия Наук Республики Узбекистан, г. Ташкент, 2000-2006 годы (буква Ў, стр.219), Государственное научное издательство ««Узбекская национальная энциклопедия», Ташкент[71].
  4. Ысмайыл Кадыров «Кыргыздын гиннесс китеби», Бишкек, "Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору", 2008 жыл. 216 б., 94 бет — ISBN 978-9967-14-059-2. (кирг.)[72].
  5. А. Абдугафуров "Ошский узбекский музыкальный театр", Фрунзе шаары: Кыргызстан, 1980 жыл. - 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)[73].
  6. А. Абдугафуров «Видные сыновья Оша», Ош шаары: Ошская областная типография, 2000 жыл — 176 с. (узб.) и (рус.)
  7. А. Абдугафуров «Ошский академический театр», Ош шаары, "Азия Принт", 2010 жыл, — 52 с. (узб.)
  8. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки).
  9. Театральная энциклопедия, Том IV / Глав. ред. С.С. Мокульский, П.А. Марков. — Москва: Гос. науч. изд-во "Сов. энциклопедия", 1965. — С. 241. — 1152 с.
  10. Киргизская Советская Социалистическая Республика: энциклопедия / глав. ред. Орузбаева Б.О. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1982. — С. 432, 443. — 488 с.
  11. Энциклопедия Ошской области, Раздел "Театральная жизнь" / гл. ред. Орузбаева Б.О. Академия Наук Киргизской ССР. — Фрунзе (Бишкек): Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1987. — С. 109-111. — 445 с. ББК 92я2 (рус.).
  12. Национальная энциклопедия Узбекистана / Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси" Академии наук Республики Узбекистан. — Ташкент: Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси", 2000-2006. — С. 219, буква "Ў". (узб.)
  13. Национальная энциклопедия «Кыргызстан», 5 том / гл. ред. Асанов Ү.А. Центр Государственного языка и энциклопедии Национальной академии наук Киргизской Республики. — Бишкек: Центр Государственного языка и энциклопедии, 2014. — С. 763. — ISBN 978-9967-14-111-7. (кирг.)
  14. Кыргызстан: энциклопедия / глав. ред. О. Ибраимов Центр Гос. языка и энциклопедии АН КР. — Фрунзе: Центр Гос. языка и энциклопедии, 2001. — С. 485, 520. — 546 с.
  15. Искусство советской Киргизии. — Москва; Ленинград: Государственное издательство "Искусство", 1939. — С. 41, 42, 44. — 173 с. Мат-лы к декаде кирг. искусства в Москве. 1939 г.
  16. Киргизский театр: очерк истории / Львов Н.И. — Москва: Искусство, 1953. — С. 129. — 227 с.
  17. Культурное строительство в Киргизии: ч. 1. 1930-1941 гг.: Народное образование / Каниметов А.К. Институт истории АН Кирг.ССР. — Фрунзе: Киргизское государственное издательство, 1957. — С. 18, 47.
  18. Искусство Киргизской ССР / Новиченко Е.И, Сальникова О.И.. — Фрунзе, 1958. — С. 40, 70. — 142 с.
  19. "Розияхон Муминова "Декада киргизского искусства и литературы в Москве" / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. -16 с.: ил.; 20 см.
  20. Таджихон Хасанова: Нар. артистка Киргиз. ССР / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. -20 с.: ил.; 20 см.
  21. Вопросы коммунистического воспитания / Глав. ред. Алтмышбаев А.А. Институт философия и права АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Изд-во Академии наук Киргизской ССР, 1963. — С. 86, 98. — 99 с.
  22. Нация и национальные отношения / Глав. ред. Алтмышбаев А.А. Институт философия и права АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Илим, 1966. — С. 91, 92. — 142 с.
  23. Киргизская ССР в ... году: указатель литературы / Государственная республиканская библиотека Киргизской ССР им. Н.Г. Чернышевского. — Фрунзе: Библиотека, 1966. — С. 467, 468.
  24. История Киргизской ССР / Глав. ред. Джамгерчинов Б.Д. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Кыргызстан, 1968. — С. 64. — 708 с. УДК 9(С54)
  25. Библиография Киргизии (Том 4,Выпуск 6) / Ж.Л. Амитин-Шапиро. — Фрунзе: Киргизстан, 1970. — С. 177.
  26. История советского драматического театра, Том 6 / Москов Институт истории искусств. — Москва: Наука, 1971. — С. 324, 326.
  27. История киргизского искусства / Салиев А.А. Институт философии и права АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Илим, 1971. — С. 76, 108. — 407 с.
  28. История советского крестьянства Киргизстана / Шерстобитов В.П. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Илим, 1972. — С. 156, 522. — 610 с.
  29. Вопросы истории Коммунистической партии Киргизии, том 11 / Институт истории партии при ЦК КП Киргизии. — Фрунзе: Кыргызстан, 1975. — С. 251.
  30. Путешествие по Южной Киргизии / Картавов М.М. Исаев. А.. — Фрунзе: Кыргызстан, 1978. — С. 21. — 45 с.
  31. Второй Всесоюзный фестиваль драматургии и театрального искусства народов СССР: сборник справочных и библиографических материалов / Государственная центральная театральная библиотека, Управление театров (Руссия). — Москва: Гос. центр. театральная библиотека, 1979. — С. 10. — 80 с.
  32. Культурное строительство в Киргизской ССР в годы довоенных пятилеток / Данияров С.С. Институт истории АН Кирг. ССР. — Фрунзе: Изд-во Илим, 1980. — С. 243. — 281 с.
  33. "Годы и роли: Творч. портр. нар. артистки Кирг. ССР Т. Салиевой" / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Кыргызстан, 1981. — 76 с. 4 л. ил.; 16 см.
  34. "Народное движение в ирригационном строительстве Киргизии, 1939-1941 гг." / Будянский Д.М.. — Бишкек: Илим, 1991. — С. 130. — 164 с.
  35. "Эпос "Манас" и эпическое наследие народов мира" / Аскаров Т.А., Койчуев Т.К.. — Бишкек: Кыргызстан, 1995. — С. 192. — 207 с.
  36. История милиции Кыргызстана, том 1 / Асаналиев Т.А. Бишкекская высшая школа милиции МВД КР. — Бишкек, 1996. — С. 100-101. (рус.)
  37. "Социальные тенденции Кыргызской Республики 1999-2003: 2001-2005" / Абдыкалыков О.. — Бишкек: Национальный статкомитет, 2007. — С. 136.
  38. "Проблематика поэтического слова в кыргызском зарубежье" / Сабирова В.К., Сарыбаева Г., Эрназарова Г.Б.. — Ош: ОшГУ, 2018. — С. 3. (рус.)
  39. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки).
  40. Одилжон Дадажонов "Тарыхка кайрылып" (узб. "Мозийға қайтиб"), Ош шаары, "Ризван" 2021 жыл, - 398 с. ISBN=978-9967-9258-6-1 УДК 821,51. ББК 84.УЗ7-4. Д14. (узб.)[74]

Ошондой эле кароо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Спектакль "Барсбек" будет представлять Кыргызстан на международном фестивале в Турции
  2. Ош старейший театр республики отметил своё 95-летие. Текшерилген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  3. Они стояли у истоков. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  4. Центразия Персоны
  5. Ош театры өзунун 95 жылын майрамдады
  6. Театр Кыргызстана в 20-80 годах
  7. Teatr kutlug 60 yillik tuyini nishonladi
  8. Биографии знаменитостей
  9. Кыргыздын Гиннес китеби 94 бет
  10. Центразия Персоны
  11. Cоветские актеры кино и театра мужчины
  12. Актёрская династия. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  13. Кыргызстан Президентинин Жарлыгы №354 от 14.10.2004 жыл
  14. Театру Бабура скоро 100 лет
  15. Ремонт Ошского театра, соглашение с Узбекистаном ратифицируют с опозданием
  16. Кыргызстан Президентинин Жарлыгы №354 от 14.10.2004 жыл
  17. Увековечена память выдающегося деятеля культуры Кыргызстана Уринбоя Рахмонова
  18. Улица Зайнабидинова переименована. Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019.
  19. Назирхон Камолов
  20. Ўзбекистон радиосининг биринчи диктори Назирхон Камолов. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  21. Дастлабки эшиттиришлар. Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019.
  22. Радиодаги ўзбек бўлимининг дастлабки мудири ва сухандони Назирхон Камолов. Текшерилген күнү 2 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2018.
  23. Ўзбек журналистикаси тарихидан. Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019.
  24. История дикторов телевидения. Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2019.
  25. Рашид Эшанханов. Текшерилген күнү 2 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2018.
  26. Сегодня в Бишкеке. Информационная карта
  27. "Ўзбекистонда ижтимоий фанлар" 59 бет, Абдулла тароқ Файзуллаев
  28. Розияхон Муминова. Текшерилген күнү 2 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2018.
  29. Розияхон Муминова
  30. Муминова Розияхон
  31. Тожихон Хасанова. Текшерилген күнү 2 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2018.
  32. Театральная Энциклопедия стр.309. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  33. Газета "Кизил Узбекистон" №46 24.02.1960 г.
  34. Газета "Советтик Киргизстан" №279 5.12.1966 г.
  35. Лайлихон Моидова. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  36. Газета "Советтик Киргизстан" №108 7.05.1982 г. стр.4
  37. Коллектив театра имени Бабура предлагает назвать три улицы Оша именами своих артистов. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  38. Нематжон Нематов. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  39. Толибжон Бадинов
  40. Толибжон Бадинов
  41. В Ошском узбекском драмтеатре состоится спектакль "Слёзы Алайской царицы" с участием Народной артистки КР А. Шабдановой. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  42. Ўзбек саҳнасида "Манаснинг ўғли Семетей". Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  43. Кыргыз Республикасынын Указы №273 31 октябрь 2011 жыл. Текшерилген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2015.
  44. Национальная Энциклопедия Узбекистана, (буква А, стр.23) Абдулла ҳофиз Файзуллаев. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2018.
  45. Кифоят Муслимова
  46. Кифоят Муслимова. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2021.
  47. Кифоят Муслимова. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2019.
  48. Жамила Бўтабоева. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 30 -август (баш оона) 2018.
  49. В конце сентября в Ошском театре имени Бабура пройдет премьера нового спектакля". Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  50. «Ричард III» — жажда власти не будет безнаказанной". Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  51. Песни Х. Матхоликова
  52. Песни Х. Матхоликова
  53. Песни Д. Соиповой
  54. Песни Д. Соиповой
  55. В Оше пройдет премьера спектакля «Бунт невест». Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  56. Мунаввар кун Самида Холматова
  57. Фамилии. Кого наградил президент Жээнбеков?
  58. Ф.А. Литвинская - Записки режиссёра: Театры и актёры
  59. Зокиржон Шокиров
  60. Муғанний. Текшерилген күнү 6 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 6 -март (жалган куран) 2018.
  61. Указ Президента КР О награждении Мамаджанова Набижана званием заслуженного деятеля культуры Кыргызстана
  62. Раққосалар мураббийси. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 30 -август (баш оона) 2018.
  63. Бахтиёр Хурбоев ижодидан: "Хандон писта"
  64. Дилшод Азимов 2015 сарҳисоби
  65. Одина Аббосова концерт
  66. Мунаввар кун Бахтиёрхон Хайитмухаммедова
  67. Илхом Ахмад концерт
  68. Титаник Ёкутой Шарапова
  69. Репертуар театра имени Бабура(жеткиликсиз шилтеме)
  70. Ўшда Муғанний хотираси ёдга олинмоқда. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2018.
  71. [1]
  72. «Кыргыздын Гиннес китеби» 94 бет
  73. Ошский узбекский музыкальный театр
  74. [2]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]