Бабур

Wikipedia дан
(Бабур Захиреддин Мухаммад барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Бабур Захиреддин Мухаммад (14-февраль 1483-жылы Андижанда туулган - 26-декабрь 1530-жылы Индияда Аграда каза болгон) – Индиядагы Улуу Моголдор сулалесин (династиясын) негиздөөчүсү. Орто Азиядагы түркий тилде ж-а фарсы тилинде жазган акын, тарыхчы жана ойчул, Тимурийлердин Ферганадагы дубанын башкаруучусу Омор Шейх мырзанын уулу. Он эки жашында атасынын ордуна тактыга отурган. 1504-ж. Шейбани хандын тушунда көчмөн өзбек уурулары Орто Азиядан кууп чыккандыктан, Ысар (Гиссар) тоолору аркылуу Ооганстанга кетүүгө аргасыз болгон. Кабулдан (Ооганстан) Түндүк-Батыш Индияга (1519-жылдан тартып) жортуул жасап, ал жерде Улуу Моголдор сулалесин (1526-1858) негиздеген. 1493-жылдан 1525-жылга чейинки окуяларды камтыган мемуардык “Бабур-наама” деген китеп жазган. Бабурдун калеминен ошондой эле Орто Азиядагы түркий тилде жана аз болсо да фарсыча жазылган ырлар диваны, “Аруз жөнүндө макала” деген ыр жазуу өнөрү тууралуу эмгек жаралган.

Бабурдун Ош шаарындагы айтылуу Сулайман тоого салдырган кужурасы (чакан ак там) 1962-ж. атеисттик өнөктүктүн айынан буздурулган. Советтер Биримдигинин бийлиги кулап, Кыргызстан эгемендик дооруна жеткен соң, бул үй кайра калыбына келтирилген. Ага келип зыярат кылгандардын бири – Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы, маркум Беназир Бхутто айым болгон.

Бабур Тимуриддер тукумунан жана Барлас уруусунан. Бартольддун пикиринде Бабурдун эли моголдор, монгол тилдʏʏ эл болгон. Бабурдун атасы- Омар Шейх Мирза –Абу Сеид Мирза –Султан Муххамед Мирза-Миран -шах – Тамерлан , 1494-1504-жылдары Фергананын, 1504-1526-жылдары Кабулдун, 1526-жылы Хиндустандын башчысы болгон.

Бабурдун саясий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Дели султанатынында мусулман –феодалдарынын ʏстөмдʏк абалда болушу, көп убакыт индустар менен мусулмандардын бирге жашашына бул жерде мусулман державасынын тʏзʏлʏшʏнө шарт тʏзгөн. Тʏндʏк Индияда борбордошкон феодалдык мамлекетти XVII к. Бабур тʏзгөн. Бабур алгач Фергананын башчысы болуп, ал жерден Шейбани баштаган өзбектер тарабынан куулуп, Гераттын башчысынын (ал дагы Тимурид болгон) жардамы менен ооган жерлерин ээлеп, Кабулда отурукташып калган. Бирок ал Индия сыяктуу бай мамлектти басып алганда гана кʏчтʏʏ мамлекеттин башчысы болоорун тʏшʏнгөн. 1518-жылы жана 1524 –ж. Пенджабга чабуул коюп, 1525-жылы декабрда Индияга, кʏчтʏʏ аскер менен басып кирип, 1526-ж. Панипатидан Дели султаны Ибрахим шахты женип, 1526-ж. Сикри салгылашуусунда раджпуттардын Рана Сайт баштаган аскерин талкалап, иш жʏзʏндө Ганг өрөөнʏнʏн ээси болуп калган. Аскердин бир бөлʏгʏ олжо алып Афганстанга кайтып кеткен, Бабур аскерлерге жер таратып, алар кийин «джагирлер» деп аталып калган.

Чарбалык иштердин көбʏн жергиликтʏʏ салтты, салык өлчөмʏн билген индустар жʏргʏзгөн. Бабур Индияны 3 жыл башкарган. Ал өтө билимдʏʏ, кыраакы адам болгон. Акын болгон жана искуствону жакшы тʏшʏнгөн. Ал жазып калтырган «Бабур-нааме» мемуары так жана жөнөкөй тил менен жазылган. Индустарды ал «адашкандар» (орусча: неверные) катары көрʏп, ʏстʏртөн караган, бирок аларды куугунтаган эмес. Бабур өлөөр алдында ээлигин балдарына бөлʏп берип, Индия Хумаюн деген баласына тийип, Пенджаб, Кабул, жана Кандагарды ээлеген балдары ага баш ийет деген керээз калтырган.

Бабурдун чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бабурдун карындашынын кʏйөөсʏ, көчмөн өзбектердин башчысы Шейбани Самаркандды басып алгандан кийин Кабулга чегинип кеткен. Бабур Алишер Навои менен кат алышып турган. Бабурдун өзгөчө чыгармасы «Бабурнааме». Бабурдун эмгегин аны тарыхчы, географ, этнограф, прозаик, акын катарында КМШ, Турция,АКШ, Англия ж.б. мамлекеттердин баардык илимий борборлорунда окушат.

1991-жылы Узбекстанда 10 сериялуу П.Кадыровдун «Жылдыздуу тʏн» романын негизинде кино тартылып , ал фильм Туркиянын телеканалдарынын бирине сатылган жана чет өлкөгө сатылган биринчи өзбек киносу болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Владимир Бартольд. Двенадцать лекций по истории турецких народов Средней Азии

Айрым шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]