Уринбой Рахмонов

Wikipedia дан
(Рахмонов Уринбой барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Уринбой Рахмонов
Ўринбой Раҳмонов
Төрөлгөндөгү ысымы:

Ўринбой Раҳмонбердиевич (Шерғозиевич) Раҳмонов

Туулган датасы:

1910 жыл(1910)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош уезди, Түркстан

Өлгөн датасы:

1980 жыл(1980)

Өлгөн жери:

Ош шаары, Ош облусу, Flag of Kyrgyz SSR.svg Кыргыз ССР

Жарандыгы:

Түркстан
Flag of Kyrgyz SSR.svg Кыргыз ССР
Flag of the Soviet Union.svg ССРС

Кесиби:

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири жана артисти, акын

Карьерасы:

1927 - 1958 жылдары

Багыты:

Театр артисти

Уринбой Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Ўринбой Раҳмонов; (1910-1980), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Уринбой Рахмонов 4 март 1910 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылынын негиздөөчүсү болчу, Ош шаарынын театрынын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, революционер, басмачылык менен күрөштү активдүү катышуучусу болгон. Уринбой Рахмонов 17 жашга толгондо, ал 1927 жылы өзүнүн чыгармачылыгын Ош театрында баштаган. Ош драма театрында артист болуп иштеген, мындан тышкары, театрды калыптануу жана уюштуруу оор жылдарда кошумча он кызмат ордун аткарган: режиссер жардамчысы, драматург, обончу, музыкант, суфлер, сүрөтчү, гримёр, ырчы, акын, ал чакан пьесалар жана обондор учун ырлар жазган. Ошол обондорга Кыргыз ССРинин эл артисти, биринчи аял бийчи Розия Муминова бийлеген[1].

1934 жылы театр жамаатын курамында Ленинград, Москва, Ташкент шаарларында биринчи гастролдорундо катышкан. 1934 жылдын августунда театралдык жамааттын курамында 70 адам Ленинград шаарына гастролдорго барды. Театр репертуары "Фархад менен Ширин", "Лейла менен Маджнун" жана башка өзбек пьесалары тузду. Ленинграддын искусство сүйүүчүлөру театр чыгыштарын жакшы кабыл алышты, ошондуктан узак эмеске пландаштырылган бул гастролдор дээрлик бир айга созулдуу. Театрдын жамааты чыгармачыл жолугушууларды ишканаларда, окуу жайларында, укмуштуу "Аврора" крейсерда жүргүздү.

Бардыгы болуп 22 концерт беришти. Гастроль аягында артисттерди Ленинград партия обкомунун биринчи катчысы Сергей Миронович Киров кабыл алды, ал белгилегендей, коюлган спектаклдер жана концерттер ленинграддыктарга чоң таасир кылды жана алардын эсинде калат. Жолугушууга Уринбой Рахмонов, А. Насриддинов, Кадыржан Хамидов, З. Умаров, Гуламжан Исраилов, Б. Махмудов, Тожихон Хасанова, Лайлихон Моидова, Р. Ахмедов, Б. Ортиков, И. Худайбердиев, Зиямиддин Шакиров, Лутфулло Ходжаев, Р. Мухаммаджанов, Ж. Юсупжанов, Ж. Мухаммаджанова, Д. Каюмов, П. Салиев жана башкалар катышкан. Жолугушуунун аягында алар С.М. Киров менен сүрөткө түшүүштү. С.М Киров өлгөндөн кийин 1937 жылы театрге С.М. Кировтын аты коюлду.

1934 жылы Ташкентте пахтакер алдыңкылардын чогулушу өткөрүлгөн. Өзбек ССР Борбордук аткаруу комитети президиумдун төрагасы Юлдаш Ахунбабаевтын чакыруусу боюнча театрдын жамааты слёт катышуучуларыне концерт коюу үчүн Ташкентке барды. Слёт катышуучулары обончу Абдулла тарок Файзуллаевтын, артисттер Уринбой Рахмоновтын, Р. Муминованын, Т. Хасанованын, Л. Моидованын, К. Хамидовтын, Ж. Исраиловтын чыгыштарын кулак тундурган кол чабуулар менен кабыл алды. 1934 жылы Уринбой Рахмонов театр курамында Москва гастролдорунда эле катышкан. 26 май-4 июнь 1939 жылы Москвада кыргыз искусствосунун I декадасында катышкан жана чыгармачылык топ катышуучулары М.И. Калинин менен жолукту[2].

1939 жана 1940 жылдары Фрунзе шаарында гастролдордо катышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош театрынын артисттери фронттордо болуп жана жоокерлерге мекенчилдик спектаклдер койду. Уринбой Рахмонов, Б. Хасанова, Э. Бутаева, М. Атабаев жоокерлерди эрдикке чакырды. Бул жылдары сахнада Камил Яшиндын "Бороон", "Оккупанттерге өлүм!", Сабир Абдулланын "Курбан Умаров", Уйгундын "Жашоо ыры", Билль-Белоцерковскийдын "Чек арачылар" , Корнейчуктун "Фронт" чыгармалары коюлду. Театралдык жамаат эмгекчилердин массасын аскердик-патриоттуулук духунда тарбиялоого чоң салымын кошкон. Театралдык жамаатынын жана Уринбой Рахмоновтун чыгармачылык потенциалын ачып берүү үчүн сахнага коюлган Хамзанын "Бай жана батрак", "Майсаранын жоруктары", К. Тренёвтун "Любовь Яровая" Шиллердын "Алдоо жана сүйүү", С. Абдулланын "Тахир менен Зухра", М. Ордубадинын "5 сомдук келин", Хуршидтын "Фархад менен Ширин", К. Яшиндын "Гулсара", Уйгундын "Жаз", "Алтынкуль" чыгармалары чоң ролду ойноду[3].

Уринбой Рахмонов 1949-1952 жылдары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинын жооптуу катчысы, 1952-1965 жылдары Кызыл-Кыштак айылында почтанын башчысы болуп иштеген. 1965 жылдан соода системасында иштеген. Бирок, 1949 жылы ал театрдан жумуштан кеткен болсо да, буга карабастан 1958 жылгача штаттан тышкары, жумуштан кийин театрда башкы жана эпизодик ролдорду ойноду. Көрүүчүлөр жана сынчылар ал аткарган "5 сомдук келин" драмасындагы ата, немец офицеринын жана башка чыгармалардагы ойногон башкы ролдорун белгилеп кетишкен. Уринбой Рахмоновтун Ош театрынын түзүүгө жана искусствого кызмат кылууга сиңирген эмгеги 2010 жылы чыккан Абдугани Абдугафуровтун "Ош академик театры" китебинде 1 жана 3-беттеринде чагылдырылган, 42 бетте 1940 жылдагы театр афишасынын актёрлор тизмесинде № 19 астында анын аты жана фамилиясы көрсөтүлгөн. Бош убактысында ал озу туулган жана өмүрүнүн аягына чейин жащшаган Ош шаарыны жана Сулайман-Тоону атагын чыгарган ырларды жазган. Анын көпчүлүк туугандары искусство жана маданият ишмерлери болуу себеби, акын Ходжаназар Хувайдо (1704-1780) алардын тууганы. Уринбой Рахмонов карылык убагында Ош шаарындагы Сулайман-Тоосунда жайгашкан Бабурдун уйун карачу жана аны жайлуу кылды. Сулайман-Тоосуна качан көтөрүлгөндө ар жолу, ал өзу менен эки челек сууну алып жана өзу отургузгон дарактарды сугарган. Көп ырлары гезиттерде жарыяланган. 12 баланы тарбиялады. Улук уулу Дилдорбек ажы эле Киров атындагы Ош драма театрында иштеди жана эки кинофильмда эпизодик роль ойногон. Башка уулу Дарвишбек палван Рахмоновда жашоосун искусствого кызмат кылууга багыштады жана ал Өзбекстандагы "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирктик труппанын көркөм жетекчиси болуп иштейт[4].

Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Атасы - Рахмонберди ажы Мадазимов (1875-1933) - Кыргызстан түштүгүндө театралдык кыймылдын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүсү жана биринчи көркөм жетекчиси, кыргызстандык артист жана жазуучу. Энеси - Бибихон (1884-1922) Уратепа шаарында төрөлгөн. Жубайы - Турсунхон Туйчибоева (19181954). Балдары: Дилдорбек ажы (1941), Дилоромхон (1943), Давлатбек (19492006), Дарвишбек (1952), Бахридилхон (1954), Донишбек (1957), Дилфузахон (1960), Сталин (1962), Махфузахон (1964), Дилрабо (1971).

Театр артистин эс тутуму[оңдоо | булагын оңдоо]

Театрдагы чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1927 жыл - К.Яшин «Достор».
  • 1928 жыл - К.Яшин «Ичиндеги».
  • 1929 жыл - Гулом Зафари «Халима», К.Яшин «Ажи-ажи».
  • 1930 жыл - Умаржон Исмоилов «Пахта талаасындеги тарыхтар».
  • 1931 жыл - Н.В. Гоголь «Үйлөнүү».
  • 1932 жыл - Маннон Уйгур «Котормочу».
  • 1933 жыл - Гаджибеков "Аршин мал алан".
  • 1934 жыл - Н.В. Гоголь "Текшеруучу".
  • 1935 жыл - Назир Сафаров, Зиё Саид «Тарых сүйлөөйт», К.Яшин «Өрттөөйбуз».
  • 1936 жыл - Ж.Турусбеков «Ажал ордуна», К.Тренёв «Любовь Яровая», Тожизода «Комсомолдук взвод».
  • 1937 жыл - Шиллер «Алдоо жана сүйүү», Ш.Хуршид «Фархад менен Ширин».
  • 1938 жыл - К.Гольдони «Эки мырзанын малайы», Сабир Абдулла «Өзбекстан кылычы».
  • 1939 жыл - В.Билль-Белоцерковский «Чек арачылар», Хамза «Бай жана батрак», Сабир Абдулла "Тахир менен Зухра".
  • 1940 жыл - Хамза «Холисхон», К.Яшин «Бороон».
  • 1941 жыл - К.Яшин жана М.Мухамедов «Гулсара», Хуршид «Лейла менен Маджнун", Сабир Абдулла «Курбан Умаров».
  • 1942 жыл - К.Яшин «Оккупанттарга өлум!», Хамза «Майсаранын жоруктары», Корнейчук "Фронт".
  • 1943 жыл - Сабир Абдулла «Даврон ата», Умаржон Исмоилов «Зафар».
  • 1944 жыл - К.Яшин «Нурхон», Мамед Саид Ордубади «5 сомдук келин».
  • 1945 жыл - Уйгун «Жашоо ыры».
  • 1946 жыл - Мухтаров «Аялдын абийири».
  • 1947 жыл - Уйгун «Жаз», Хуршид «Фархад менен Ширин».
  • 1948 жыл - К.Тренёв «Кызыл галстук», Уйгун «Жашоо ыры», Уйгун «Алтынкуль».
  • 1949 жыл - З.Фатхуллин «Желекчелер», Хамид Алимджан «Семург».
  • 1950 жыл - Исмоил Акрам «Адилеттүүлүк», Сабир Абдулла "Алпамыш".
  • 1951 жыл - Ж.Бөкөнбаев «Токтогул», Хуршид «Лейли менен Меджнун».
  • 1952 жыл - Шукур Саъдулла «Ёрилтош», Махмуд Рахмон «Кубаныч», Абдулла Каххар «Жибек сузана».
  • 1953 жыл - Иззат Султан «Алишер Навои», Н. Лысенко «Наталка Полтавка», К.Яшин «Нурхон».
  • 1954 жыл - Шукур Саъдулла «Талаада майрам», Бахром Рахмонов «Жүрөк сыры».
  • 1955 жыл - К.Яшин «Офтобхон», Рабиндранат Тагор «Ганг дарыясынын кызы».
  • 1956 жыл - К.Яшин «Равшан жана Зулхумор», З.Фатхуллин «Ата-Мекенди сүйүү», И.Ахмедов «Сырлар сандыгы».
  • 1957 жыл - Сабир Абдулла "Алпамыш", Самад Вургун «Юлдуз».
  • 1958 жыл - Хамид Алимджан «Ойгул жана Бахтиёр», М.Шатров «Революция аты менен».

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Тиркемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Рахмонов, Д. [[1] Они стояли у истоков]. ЭхоОша (11 Июнь (Кулжа) 2011). Текшерилген күнү 20 сентября 2015.
  2. Биографии знаменитостей
  3. Центразия Персоны
  4. Актёрская династия

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]