Калдиргоч цирк труппасы
"Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасы (өзб. "Қалдирғоч" намунали цирк труппаси)
| |
[[File:Дареги: Ташкент облусу, Янгиюль шаары, Худойберганов көчөсу|220px]] | |
Жалпы маалымат | |
---|---|
Өлкө | |
Негизиндөөчүсү | |
Жетекчиси | |
Мурдагы аталыштары |
"Калдиргоч" цирк труппасы |
Урааны |
Ар дайым биринчи! |
Дареги |
|
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
"Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасы 1981 жылы Ташкент облусу Янгиюль шаары маданият бөлүмүндө Дарвишбек Рахмонов тарабынан негизделген. "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасы Бүткүл союздук мелдештердин лауреаты, Ташкент облусу Ленин комсомолун сыйлыгынын лауреаты, республикалык кароо-сынактарда төрт жолу биринчи орунду[1], эки жолу экинчи орунду ээледи[2].
Цирк труппанын көркөм жетекчиси Дарвишбек Рахмонов көптөгөн оригиналдуу цирк көрсөтүүлөрүн түзүүчүсү, цирк труппада ондогон окуучулар тарбияланды, алар дүйнөнүн көптөгөн кесиптик цирктарда иштешет. "Калдиргоч" цирк труппасын мурдагы тарбиялануучулары Туйчи Таджибаев (Туйчи Хан)[3], Зухра Парпиева (Таджибаева)[4], Азамат Махкамов, Бахтияр Таджибаев, К. Жабборова, Анвар Сатаров, Александр Сорокин[5] жана көптөгөн башка шакирттери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кесиптик цирктардын чоң аренасында өзүнүн номерлери менен ийгиликтүү чыгышат. С. Гайипова, Й. Таджибаев, Мустафонун 2002 жылы чыккан "Янгиюльдун жаңы жетишүүлөру" китебинин мукабасында, 68 жана башка беттеринде "Калдиргоч" цирк труппасын жана анын жетекчиси Дарвишбек Рахмоновдун 6 түстүү сүрөттөрү жайгаштырылган. Мындан тышкары, "Калдиргоч" цирк труппасы жана анын жетекчиси Дарвишбек палван тууралу гезиттерде жана журналдарда жүздөн ашык макалалар чыккан, алардын чыгышы Өзбекстан телевидениесы аркылуу ондогон телекөрсөтүүлөрдө трансляция кылынды[6]. Искусство жана маданиятты өнүктүрүү учун "Калдиргоч" цирк трупассын жетекчиси Дарвишбек Рахмоновдун сиңирген чоң эмгеги бааланып Өзбекстан Республикасынын Президенти И.А. Каримовдун 2002 жылдын 26 августундагы Жарлыгы менен ал Шухрат (Даңк) медалы менен сыйланды[7].
Цирк династиясы[оңдоо | булагын оңдоо]
Дарвишбек Рахмоновдун балдары Хуршид, Хулкарой, Умидбек, Мухсина "Калдиргоч" цирк труппасында талыкпай эмгектенип жатышат. Уулу Умидбек 5 жылдык курагында дуйнөдө эң жаш эквилибрист эле, 6 жашында Республикалык телевизиондук мелдештин жеңүүчүсү болгон. Ошентип, Рахмоновтор Өзбекстандын цирктик династиясы болуп саналат[8].
Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]
- Шухрат (Даңк) медалы
- Бүткүл союздук мелдештердин лауреаты
- 1986 жылы Ташкент облусу Ленин комсомолун сыйлыгынын лауреаты
- Өзбекстан Республикалык кароо-сынактарда төрт жолу биринчи орунду, эки жолу экинчи орунду ээледи.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Тулкин Обидов "Өзбек палвандары" («Узбекские палваны») (Узбекские силачи), 37, 53 беттер, 1979 жыл, Ташкент.
- С.Гайипова, Й.Таджибаев, Мустафо "Янгиюльдун жаңы жетишүүлөру" («Новые достижения Янгиюля»), мукабасы жана 68 бет, 2002 жыл, Янгиюль.
Тиркемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- Коллективу 30 лет
- Фестиваль циркового искусства
- Фестиваль канатоходцев и мастеров цирка
- На арене "Ласточка"
- Их сцена - арена
- Калдиргоч канот ёймокда
- Чет элликлар хайратда
- Указ Президента Республики Узбекистан
- Остонаси олтин дейман уйимни
- Туйчи Хан — Таджибаев Туйчибай Мадаминович
- Премьера циркового спектакля "Зак-Ли-Натель"
- Большой Московский цирк представил восточную сказку "Зак-Ли-Натель"
- Про Зак-ли-нателя. Рецензия
- «Карнавал чудес» Туйчи-Хана
- Видео Туйчи Хан. Чудеса эскапизма
- Видео "Туйчи Хан, номер «Иллюзионные шутки»
- Видео "Туйчи Хан в передаче «Истории в деталях»