Мазмунга өтүү

Журахон Рахмонов

Википедия — ачык энциклопедия
Журахон Рахмонов
өзб. Раҳмонов Жўрахон Раҳмонбердиевич
Төрөлгөндөгү ысымы:

Жўрахон Раҳмонбердиевич Раҳмонов

Туулган датасы:

1917 жыл(1917)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош уезди, Түркстан

Өлгөн датасы:

1977 жыл(1977)

Өлгөн жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР

Жарандыгы:

Түркстан
 Кыргыз ССР
 ССРС

Кесиби:

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири жана артисти, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти

Карьерасы:

1937 - 1977 жылдары

Багыты:

Театр жана кино артисти

Сыйлыктары:
1-даражадгы Ата мекендик согуш ордени
1-даражадгы Ата мекендик согуш ордени
Өзбекстан эмгек сиңирген артисти, Кыргыз ССР Жогорку Совети Президиумунун 2 жолу ардак грамоталары, IX беш жылдык ударниги медалы, Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу катарында көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Журахон Рахмонбердиевич Рахмонов (өзб. Жўрахон Раҳмонов; (1917-1977), Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык театр жана кино артисти, театралдык ишмер, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (1974), Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери[1], ал Кыргызстандын жана Өзбекстандын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон.

Журахон Рахмонов 18 август 1917 жылы Ош шаарында кызматчылардын үй-бүлөсундө туулган. Ал Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери. 1937 жылы Ош театрына артист болуп жумушка кирди. Ошондой эле Ош театрынын түзүүчүлөрү болуп анын атасы Рахмонберди Мадазимов (1914 жылдан) жана анын бир тууганы Уринбой Рахмонов (1927 жылдан) болуп саналат[2]. 1938 жылы Кызыл армиянын катарына чакырылган. Совет-фин согушунда, Ленинграддын курчоосун коргоосунда катышкан, 2-чи Белоруссия фронту 9-чи танк корпусу[3] 95-чи танк бригадасында[4] улук сержант болуп кызмат кылган[5]. Россияны, Украинаны, Белоруссияны, Польшаны, Германияны бошотууда, Берлинди жана Рейхстагты алууда катышкан. "Ата Мекендик согуштун" II даражадагы ордени (буйрук 9-ТК № 015/п 23 август 1943 жыл), ошондой эле көп сандаган медалдар менен сыйланган[6].

Согуш аяктагандан кийин Журахон Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрына жумушка кайтып келди жана өмүрүнүн аягына чейин ал жерде артист болуп иштеди, театрда жана кинода жүздөн ашык ролдорду ойноду. Театралдык жамаатынын жана Журахон Рахмоновдун чыгармачылыгын денгээлин көтөрүүда Ош театрынын сахнасында коюлган Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу", К. Яшин жана М. Мухамедовдун "Дилором", Шекспирдын "Отелло" чыгармалары чоң роль ойноду. Кийинки жылдары Журахон Рахмонов Шараф Рашидовдун "Кубаттуу толкун" , К. Тренёвдун "Любовь Яровая", "Кизил галстук", Шиллердин "Алдоо жана сүйүү", К. Гольдонинын "Эки мырзага малай", Александр Островскийдин "Добул", Насриддин Байтемировдун «Уркуя», "Той алдында дүрбөлөн", "Сүйүү, жаз жана шайтан" чыгармаларында роль ойногон.

14-25 октябрь 1958 жылы Журахон Рахмонов Ош өзбек драма театрынын жамааты менен бирге Москвада кыргыз искусствосу жана адабиятынын экинчи декадасында катышкан. 1961 жылы 20 февралында Кыргызстан театралдык коомунун I съездинде катышкан. 1967 жылы Ош өзбек драма театры Тажик ССРда гастрольда болчу. Гастролдор чоң ийгилик менен өтүү, жамаат Тажик ССР маданият министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды. 11-17 июль 1967 жылы Москвада Кыргызстандын маданият жана искусство Күндөрүндө катышкан. 4-14 сентябрь 1969 жылы Өзбек ССРда кыргыз адабияты жана искусство декадасында катышкан. 2-10 апрель 1970 жылы В.И. Ленин 100 жылдыгына арналган СССР элдеринин искусство майрамында катышкан[7].

Журахон Рахмонов кыргыз тилин мыкты билгени учун, ал С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театры (24 ноябрь 1972 жылы уюшулган, 1974 жылы курулду) ачылганга чейин кыргыз улуттук жазуучулардын классикалык жана заманбап чыгармаларын пропагандалады жана театр сахнасында коюда активдүү катышкан. Ал кыргыз авторлорунун чыгармаларын аткарууда ролдорду нукура кыргыз тилинде ойноду. 1957 жылы ал Кыргыз ССРынын маданият министрлигинин ардак грамотасы менен, ал эми 1976 жылы IX беш жылдык ударниги медалы менен сыйланган. Ташкентте гастролдор бүткөндөн кийин маданият жана искусство пропагандалоо жана өнүктүрүү учун кошкон зор салымы үчүн Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 5 июль 1974 жылдагы №164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти (медаль № 877) ардак наам менен сыйланды[8]. Кыргызстан тарыхында эки артист гана бул ардактуу наам менен сыйланышкан.

Журахон Рахмонов күлкүлүү жана трагедиялуу ролдорду ойногон актёр болчу, жүздөн ашык ролдорду ойногон. Анын көпчүлүк күлкүлүү сүйлөөлөру жана кырдаалдары жазуучу Абдугани Абдугафуровдун күлкүлүү пьесаларында жана анын 2000 жылы чыгарылган "Оштун көрүнүктүү инсандары" китебинде, "Муштум" журналында жарыяланды. Драматург Абдугани Абдугафуровдун 2010 жылы чыгарылган "Ош академиялык театры" китебинде Бабур атындагы Ош театрынын чыгармачылык ишинде Журахон Рахмоновдун сиңирген эмгеги чагылдырылган.

Журахон Рахмоновдун Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүгүшүнө чоң салым кошкон сиңирген эмгеги Кыргыз ССРынын жетекчилиги тарабынан эске алынып, ал көп жолу сыйланды,[9] Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши Президиумунун (1968 жана 1974 жылдары) эки ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстан тарыхында бул ардак грамота менен эки жолу сыйланган бир нече көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерлер гана бар[10].

Журахон Рахмонов 7 апрель 1977 жылы каза болду жана ал Ош шаарында көмүүлдү. Анын көмүү чарасында, Ош обком партиясынын биринчи катчысы Султан Ибраимов жана Ош шаардык аткаруу комитетинын жетекчилери катышты жана коштошуу сөздорун айтышты[11]. Эмгек сиңирген артист каза болгондон кийин, Ош шаардык аткаруу комитетинин жана Ош облусунун маданият башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан актёр туулуп өскөн Ош шаарындагы Алебастрова көчөсүн Журахон Рахмоновдун урматына кайра атоо демилгесин көтөрүшкөн[12][13][14].

Журахон Рахмонов Ош облусунун, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун Кенештеринин депутаты болуп шайланган.

Фильмография

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жыл Орусча аталышы Нукура аталышы Ролу
1971 ru:Захар Беркут (фильм, 1971) Захар Беркут Эпизод
1972 ru:Улица (фильм, 1972) Көчө Короз оюнчу
1964 ru:Джура (фильм, 1964) Жўра Басмачы
1939 ru:Азамат (фильм, 1939) Азамат Эпизод
Год Название Оригинальное название өзб. {{{1}}} Автор
1937Обман и любовьМакр ва муҳаббатФридрих Шиллер
1937Фархад и Ширин«Фархад менен Ширин»Ш. Хуршид
1938Слуга двух господИкки хўжайинга бир қулК.Гольдони
1938Сабля УзбекистанаЎзбекистон қиличиСабир Абдулла
1946Честь женщиныАёл номусиМухтаров
1947ВеснаНавбаҳорУйгун
1947Фархад и Ширин«Фархад менен Ширин»Хуршид
1948Красный галстукҚизил галстукКонстантин Тренёв
1948Песня жизниҲаёт қўшиғиУйгун
1948АлтынкульОлтинкўлУйгун
1949ЛепесткиҒунчаларЗиннат Фатхуллин
1949СемургСемурғХамид Алимджан
1950АдолатАдолатИсмоил Акрам
1950АлпамышАлпомишСабир Абдулла
1951ТоктогулТўқтағулЖ. Бөкөнбаев
1951Лейли и МеджнунЛайли ва МажнунХуршид
1952ЁрилтошЁрилтошШукур Саъдулла
1952РадостьШодликМахмуд Рахмон
1952Шёлковое сюзанеШоҳи сўзанаАбдулла Каххар
1953Алишер НавоиАлишер НавоийИззат Султан
1953Наталка ПолтавкаНаталка ПолтавкаН. Лысенко
1953НурхонНурхонКомил Яшин
1954Праздник на полеДалада байрамШукур Саъдулла
1954Сердечные секретыЮрак сирлариБахром Рахмонов
1955ОфтобхонОфтобхонКомил Яшин
1955Девушка реки ГангГанг дарёсининг қизиРабиндранат Тагор
1956Равшан и ЗулхуморРавшан ва ЗулҳуморКомил Яшин
1956Любовь к РодинеВатан ишқиЗиннат Фатхуллин
1956Сундук секретовСирли сандиқИ. Ахмедов
1957АлпамышАлпомишСабир Абдулла
1957ЮлдузЮлдузСамед Вургун
1958Ойгул и БахтиярОйгул ва БахтиёрХамид Алимджан
1958Именем революцииРеволюция номи биланМ. Шатров
1959ОрзигулОрзигулТурсун Собиров
1959Ашик Гариб и ШахсанамОшиқ Ғариб ва ШоҳсанамАхмад Бобожон
1959ТайфунТайфунАхмад Бобожон
1959Секреты паранджиПаранжи сирлариХамза
1960На высокой землеБаланд ердаКубанычбек Маликов
1960Ташбалта влюблёнТошболта ошиқХамид Гулям
1960Принцесса ТурандотМалика ТурандотКарло Гоцци
1961Если твоя голова криваяБашаранг қийшиқ бўлсаРихси Орифжонов
1961ДилоромДилоромКомил Яшин
1962Два браслетаИкки билакузукШукур Саъдулла
1962Судьба отцаОтанинг тақдириБексултан Жакиев
1963ДитяФарзандМухаммаджон Хайруллаев
1963Голос из гробаТобутдан товушАбдулла Каххар
1963Мели хоббон, Наби товонМели ҳаббону Наби товонЯхёхон Маматхонов
1964Трагедия поэмыҒазал фожиасиАхмад Бобожон
1964Дорогие девушкиЖон қизларБайсеитов, Шангитбоев
1964ОтеллоОтеллоУильям Шекспир
1964Чертова девушкаШайтон қизКасымалы Жантөшев
1964НиммиНиммиПремчанд
1965Гули сиёхГули сиёҳСахиб Жамал
1965Любовь в молодостиЁшликда берган кўнгилЗиннат Фатхуллин
1965Горный беркутТоғ бургутиКасымалы Жантөшев
1965Полёт беркутаБургутнинг парвозиИззат Султан
1966Неизвестный человекНомаълум кишиИззат Султан
1966Гул и НаврузГул ва НаврўзСабир Абдулла
1966Материнское полеМомо ерЧыңгыз Айтматов
1966ПарвонаПарвонаУйгун
1967ДилоромДилоромАлишер Навои
1967Абдулла НабиевАбдулла НабиевАдхам Рахмат
1967СватыҚудаларУткир Рашид
1967Девушка с усамиМўйловли қизКасымалы Жантөшев
1968Скорпион из алтаряМеҳробдан чаёнАбдулла Кадыри
1968Стряпуха замужемПазанда куёвга чиқдиАнатолий Софронов
1968Новая невестаЯнги келинМырзабек Тойбаев
1968Меж двух огнейИкки ўт орасидаБекниёзов, Исмаилов
1968СожалениеПушаймонАбдугани Абдугафуров
1969ЖенитьбаУйланишН. В. Гоголь
1969Странные вещиАжаб савдоларХамид Гулям
1969Могучая волнаҚудратли тўлқинШараф Рашидов
1969Когда заря взойдёт над ФерганойФарғонада тонг отгунчаМирзакалон Исмоилий
1970Кто смеётся последнимЙиқилган тойганга куларТ. Абдумомунов
1970Невеста за 5 сомБеш сўмлик келинМамед Саид Ордубади
1970Дешёвый женихАрзон куёвШухрат
1970Требуется лжецЁлғончи даркорДимитрис Псафас
1971Приключения ЧандуЧандунинг саргузаштлариА.Д. Иловайский
1971Обман по шариатуҲийлаи шаръийРешат Нури Гүнтекин
1971РустамРустамУмаржон Исмаилов
1971Перед рассветомТонг олдиданСуорун Омоллоон
1972Чертовое поколениеШайтон авлодМухтаров
1972Девушка АтабекаОтабекнинг қизиТоктоболот Абдумомунов
1972Зло от аппетитаБалойи нафсА. Абдугафуров
1973Начало жизниҲаётнинг бошланишиАбдукаххор Маннонов
1973ГрозаМомақалдироқАлександр Островский
1973Ташбалта влюблёнТошболта ошиқХамид Гулям
1973Горная красавицаТоғ гўзалиСаидмуродов
1974Куйдирмаган кундошКуйдирмаган кундошА. Абдугафуров
1974КрасавицаСоҳибжамолЖура Махмудов
1974АширбойАширбойАалы Токомбаев
1974Преступление без наказанияЖазосиз жиноятРихси Орифжонов
1974Бунт невестокКелинлар қўзғолониСаид Ахмад
1975ОрзигулОрзигулТурсун Собиров
1975РевизорРевизорН.В. Гоголь
1975Человек издалекаУзоқдаги одамУмарахунов
1975Старики с молодыми душамиКўнгли ёш қарияларХутаев
1975АдолатАдолатИсмаил Акрам
1976Рука другаДўстим қўлиМехрибон Назаров
1976Никому не говориҲеч кимга айтмаТ. Абдумомунов
1976Шутник АлиМасхарабоз АлиБабаханов
1976Сундук секретовСирли сандиқАхмедов
1977Переполох перед свадьбойТўй олдидан тўполонПапаян
1977УркуяУрқуяНасридин Байтемиров
1977Наследство отцовОталар меросиА. Абдугафуров
1977Жалость к животномуАрмонли жониворАалы Токомбаев

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан[15]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Энциклопедия Ошской области, Раздел "Театральная жизнь" / гл. ред. Орузбаева Б.О. Академия Наук Киргизской ССР. — Фрунзе (Бишкек): Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1987. — С. 110. — 445 с. ББК 92я2. (рус.)
  2. Таджихон Хасанова: Нар. артистка Киргиз. ССР / Ф.А. Литвинская. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. -20 с.: ил.; 20 см.
  3. Журнал "Театр", выпуски 7-12 / Союз писателей СССР, Министерство культуры СССР, Комитет по делам искусств СССР. — Москва: Искусство, 1964. — С. 169..
  4. "Ошский узбекский музыкальный драматический театр" / А. Абдугафуров. — Фрунзе: Кыргызстан, 1980. — С. 16, 23, 33, 35, 39. — 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)
  5. "Видные сыновья Оша" / А. Абдугафуров. — Ош: Ошская областная типография, 2000. — С. 129-130. — 176 с. (узб.) и (рус.)
  6. "Ошский академический театр" / А. Абдугафуров. — Ош: "Азия Принт", 2010. — С. 6, 41, 45. — 52 с. (узб.)
  7. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы "Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана / Под рук. Жураева Б.Ж. (А. Абдугафуров, Рахманов Д.Д. и др.). — Ош: "Ризван", 2017. — С. 30. — 336 с. — ISBN 978-9967-18-344-5. УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки). (узб.), (рус.) и (кирг.)
  1. Люди, которые меняли мир
  2. Они стояли у истоков. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  3. 9-й танковый корпус
  4. 95-я танковая бригада
  5. Архивные документы старшего сержанта Рахманова Журахона в ЦАМО
  6. Бессмертный полк гвардии старший сержант Рахмонов Журахон. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2017.
  7. Cоветские актеры кино и театра мужчины
  8. Актёрская династия. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  9. Даже из Голливуда! Зарубежные кинозвезды, работавшие в Кыргызстане
  10. Биографии знаменитостей
  11. Центразия Персоны
  12. В историческом центре Оша появится туристический квартал. Текшерилген күнү 26 Апрель 2020. Түп булактан архивделген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2020.
  13. В Оше появится квартал ремесленников
  14. Есть идея, или Как воссоздать в Оше старинный квартал. Текшерилген күнү 26 Апрель 2020. Түп булактан архивделген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2020.
  15. В кинотеатре «Мир» прошли Дни кыргызского кино. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 26 -август (баш оона) 2018.
  16. Памирские письма капитана Зайцова. Текшерилген күнү 25 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  17. Тоирбоев Султон мингбоши