Мадазимов Рахмонберди

Википедия дан
Рахмонберди Мадазимов
өзб. Раҳмонбери Мадазимов
Төрөлгөндөгү ысымы:

Мирза Рахмонберди Мухаммадазим аълам уулу

Туулган датасы:

1875 жыл(1875)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош уезди, Түркстан

Өлгөн датасы:

1933 жыл(1933)

Өлгөн жери:

Өзгөн шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР

Жарандыгы:

Түркстан
 Кыргыз ССР

Кесиби:

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын биринчи негиздөөчүсү, директору, көркөм жетекчиси, башкы режиссёру жана артисти, жазуучу, музыкант

Карьерасы:

1914 - 1932 жылдары

Багыты:

театр артисти, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру

Рахмонберди Мухаммадазимович Мадазимов (өзб. Раҳмонбери Мадазимов; (1875, Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - 1933), Өзгөн шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Кыргызстанда театралдык кыймылдын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, Борбордук Азияда экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелген Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүсү, биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру, кыргызстандык артист, жазуучу жана музыкант. Кыргызстандын түштүгүндөгү жадидизмдин лидери жана идеологу. Ал Кыргызстандын маданиятын, көркөм өнөрүн жана элге билим берүү системасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Ош областтык, Ош шаардык жана Кара-Суу райондук Кеңештеринин депутаты болуп шайланган. Кыргызстанда жаңы мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнүн башында Рахмонберди Мадазимов Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүүдө активдүү роль ойногон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мирзо Рахмонберди ажы Мухаммадазим аълам уулу (Мадазимов) 1875 жылы Ош шаарында туулган. Ал эми, ал жана анын атасы Мухаммадазим Меккеге ажылыкка барган кадырлуу окумуштуу молдолор болчу, ал дуба окуп үмүтсүз оор ооругандарды дарылаган. Мирзо Рахмонберди ажы чоң кадыр-баркка ээ болгон.

1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилигинде Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негиздеген.[1]

1918 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилигинде Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхон Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовдор менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасын базасында Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Кийин ал труппага Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовдор кошулган.

Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[2]. 1919 жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды. Бул труппа Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду, ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын түзүү үчүн негиз болуп калды.[3] Ош шаарындагы өзбек драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914 жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет.

Рахмонберди Мадазимов театр курамында Ош уездинын бардык райондорунда болуп, ал жерде спектаклдер коюп, Кыргызстандын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон.

Драма труппасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Маннон Уйгурдын "Түркстандык табып" пьесасы өз убагында реакционерлердин кескин нааразылыгын келтирди. Ошол кезде труппа курамында аял актрисалар жок эле, анда аялдардын ролун Журахон Зайнобиддинов мыкты аткарган. Жарандык согуштун убагында Ошко чектеш болгон райондор согуш майданына айланды. Ош шаарынын милициясын башчысы Балтыходжа Султановдун сунушу боюнча труппа бул фронттун катышуучусу жана большевиктер партиясынын үгүтчүүсү болуп калды. Театралдык труппа Ош уездинин айылдарында, базарларда, аянттарда жана эл көп чогулган башка жерлерде спектаклдер жана концерттерди коюп, Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга зор салым кошкон. Көрүнүктүү революция ишмерлери Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбековтор театралдык труппанын жаш жамаатына бутга турууга жардам берди.

Б. Султановдун кудасы Ош өзбек театрын биринчи негиздөөчүсү, директору жана көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов мындай айтып жүргөн: Корбашы Мадаминбек Андижанга жакын жерлерде талоончулук кылып, тургундарга куралдуу кол салып журду. Ош шаарынын милициясын башчысы Балтыходжа Султанов жана Ош гарнизону Андижан аскердик гарнизонун курал-жарак менен камсыз кылуу учун жардам берууну каалады. Бирок ал жакка куралды кандай жеткирүүгө болот? Бул көйгөйдү театр артисттери чечти. Арабаны жасалгалашты, анга курал-жаракты жайып коюшту, үстүнөн төшөктөр коюшту. Артист Рахмонберди Мадазимов грим сыйпоолоп жана чоң "ишан"-диний үгүттөөчү болду. Дагы эки актёр анын "муридтери"-шакирттери болуп калды. Өзүнө жакын мусулмандардын ыйык Куран китебин коюшту, аны окуп жолго тушту. Араба Ходжаабадга жакындап барганда ок атылганы угулду. Арабаны ондогон атчандар курчооду. Ошондо арабакеч атчандарга бармагы менен "жымжырт" деп белгисин көрсөттү жана парданы тартып койду. Атчандар "ишан" жана анын "шакиртерин" көрүүшту жана жүгүнүүшту. Андан кийин аларды Андижанга чейин урмат менен жеткиришти. Курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн труппанын мындай "постановкалары" бир нече жолу кайталанды.

Кыргыз АССР эл комиссарлары Кеңешинин 1929 жылдагы токтомуна ылайык театр өз ишин кесипкөй негизде баштаган. Ошол убакыттан баштап театр сахнасында көйгөйлүү маселелерди чагылдырган чоң пьесалар жана чыгармалар коюлгон. Сахнада Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Камил Яшин жана Музаффар Мухамедовдун "Гулсара" музыкалуу драмасы чоң окуялардын бири болуп калды. 1929-1931 жылдары театрда Рахмонберди Мадазимов тарабынан К. Яшиндин "Лолахон", "Ажи-ажи" пьесалары коюлду. Бул чыгармалар идеялык душмандардын кара ойлорун ачып берди. "Лолахон" спектакли Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ходжаабад эмгекчилерин арасында көп жолу коюлуп жатты. Театр кызматкерлерине карата реакциялык элементтер бир катар кол салууларды уюштуруштуу. Театр артисттери Рахмонберди Мадазимовду, Розияхон Муминованы, Тожихон Хасанованы, Уринбой Рахмоновду кармап алуу жана көздорүн чукуу учун жалдангычтар даярдалган эле. Артисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларга куралдуу сакчылар коюлган эле.

Уюштуруу кыйынчылыктарга карабастан, театр өзүнүн репертуарын жаңы идеялык жана чоң көркөм чыгармалардын эсебинен кеңейтти. Театрга бул учун СССРдин эл артисти Рахим Пирмухамедов, Өзбекстандын эл артисттери Хикмат Латипов жана Кудрат Ходжаевтер чоң практикалык жардам көрсөттүшту. Ош театрынын сахнасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан "Эки коммунист", "Достор", "Алишер Навои" жана башка чыгармалар коюлду.

Ош өзбек драма театрын биринчи негиздөөчүсү, директору, көркөм жетекчиси жана режиссёру Рахмонберди ажы Мадазимов Өзгөн шаарына көчүп кеткенине байланыштуу 1932 жылы театрдан жумуштан кетти жана 1933 жылы май айынын аягында Өзгөн шаарында каза болду.

Рахмонберди Мадазимов жазуучу эле, анын "Оштун мүнөздөмөсү" жана "Аттардын сөздүгү" китептери 1914-1915 жылдары Ташкент шаарындагы Түркстан өлкөсү генерал-губернаторунун кеңсесине караштуу басмаканасында басылып чыккан.[4]

Рахмонберди Мадазимовтун эки уулу өзүнүн атасынын ишин татыктуу улантышты искусство жана маданиятке кызмат кылышты, Ош драма театрын сахнасында көп жыл иштешти. Уринбой жана Журахон Рахмоновдор Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрүнөн бири болушкон жана Кыргызстандын искусство жана маданиятын өнүгүшүнө чоң салым кошушкон, көп жаш актёрлорго тарбия беришти. Алардын чоң салымы жана эмгеги Кыргыз ССРинин жетекчилиги тарабынан жогору бааланган жана алар ордендер, көп сандаган медалдар, ардак грамоталар менен сыйланышты.[5]

Театрдагы чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Год Название Оригинальное название өзб. {{{1}}} Автор
1919 Отцеубийца Падаркуш М. Бехбудий
1919 Лекарь из Туркестана Туркистонлик табиб Маннон Уйгур
1920 Отравленная жизнь Заҳарли ҳаёт Хамза
1921 Сирота Етим Гулом Зафарий
1922 Наказание клеветников Туҳматчилар жазоси Хамза
1923 Лолахон Лолахон Комил Яшин
1924 Рапорт с юга Жанубдан рапорт Махмуд Рахмон
1925 Гулсара Гулсара К.Яшин жана М. Мухамедов Archived 2018-08-26 at the Wayback Machine
1926 Два коммуниста Икки коммунист К.Яшин
1927 Друзья Ўртоқлар К.Яшин
1928 Внутри Ичкарида К.Яшин
1929 Халима Ҳалима Гулом Зафарий
1929 Ажи-ажи Ажи-ажи К.Яшин
1930 Истории на хлопковом поле Пахта шумғиялари Умаржон Исмоилов
1931 Женитьба Уйланиш Н.В. Гоголь
1932 Переводчик Тилмоч Маннон Уйгур

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Кыргызстандын түштүгүндөгү элге билим берүү системасына кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымдын башында Ош шаарында жадид мектеби ачылып, анда Рахмонберди Мадазимов жана анын кудасы Балтыхожа Султанов жана саякатчы, революционер Фазылбек Касымбеков иштешкен. Кыргызстандын түштүгүндөгү жадидизмдин лидерлери жана идеологдору молдо Рахмонберди Мадазимов, Балтыхожа Султанов жана саякатчы, революционер Фазылбек Касымбеков болушкон. Ал кезде катты билгендер аз болчу, катты негизинен ак сөөктөрдүн, колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары алышчу. Ошондуктан эл агартууга, Кыргызстандын түштүгүндө мектептердин тармагын өнүктүрүүгө молдо Рахмонберди Мадазимов зор көңүл бурган. Ал Ош облусунун эл агартуу тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Ош шаарында Рахмонберди Мадазимов, Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбеков тарабынан мектеп ачылып, 60 тан ашуун бала, Кара-Суудагы мектепте 20 дай бала окуган.

1918-жылдын 20-майында Ошто эл агартуу кеңешин түзүүгө активдүү катышкан. Рахмонберди Мадазимов, Балтыходжи Султанов жана Журахон Зайнобиддиновдун түздөн-түз катышуусу менен 1918-жылы август айында 95 орундуу биринчи бала бакча, 1918-жылы Ош уездинде 13 мектеп ачылып, анда 939 бала жана өспүрүмдөр билим алышкан. Р. Мадазимовдун сунушу менен ачка калган жана жетим балдарга ысык тамак бекер таркатылган.

Кыргызстанда жаңы мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнүн башында Рахмонберди Мадазимов, Балтыхожа Султанов, Насрулло Султанов, Журахон Зайнобиддинов, Санжар Касымбеков, Иномжон Саидий, Журахон Шамсуддиновдор Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүүдө активдүү роль ойношкон.

Рахмонберди Мадазимов Ош областтык, Ош шаардык жана Кара-Суу райондук Кеңештеринин депутаты болуп шайланган.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазган китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том, 763 бет. Башкы редактору Асанов Ү.А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7 (кирг.)
  2. Энциклопедия Ошской области, Раздел "Театральная жизнь" / гл. ред. Орузбаева Б.О. Академия Наук Киргизской ССР. — Фрунзе (Бишкек): Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1987. — С. 110. — 445 с. ББК 92я2 (рус.)
  3. Национальная энциклопедия Узбекистана / Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси" Академии наук Республики Узбекистан. — Ташкент: Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси", 2000-2006. — С. 219, буква (буква Ў, стр.219). (узб.)[9].
  4. А. Абдугафуров "Ошский узбекский музыкальный театр", Фрунзе шаары: Кыргызстан, 1980 жыл. - 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)[10].
  5. А. Абдугафуров «Видные сыновья Оша», Ош шаары: Ошская областная типография, 2000 жыл — 176 с. (узб.) и (рус.)
  6. А. Абдугафуров «Ошский академический театр», Ош шаары, "Азия Принт", 2010 жыл, — 52 с. (узб.)
  7. "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки).
  8. Одилжон Дадажонов "Тарыхка кайрылып" (узб. "Мозийға қайтиб"), Ош шаары, "Ризван" 2021 жыл, - 398 с. ISBN=978-9967-9258-6-1 УДК 821,51. ББК 84.УЗ7-4. Д14. (узб.)[11]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]