Табып

Википедия дан

Табып [арабчадан которогодо табеб-дарыгер] — "Манас" эпосунда эпикалык душман тарабынан ууланган башкы баатырды жана кыйнап, кордоп жазаланган оң каарманды элдик медицинанын ыкмалары менен дарылоочу дарыгер. "Манас" эпосунда Т-тар колдонгон элдик медицинанын көп түрдүү ыкмалары жөнүндө айтылат, анын ичинде өсүмдүктөрдөн даярдалган дарылар, минералдар, эпикалык дарылар, айбанаттардын этинен, ички органдарынан жасалган жана башка дары-дармектер; элдик хирургиялык аспаптар (аштар, тинтүүр), ар кандай хирургиялык ыкмалар кеңири пайдаланылгандыгы баяндалат. Баатырды жакын тууганы, кээде жолдошу, аялы жана башкалар кастык кылып уулантышы жана андан укмуштуу түрдө аман калуу (кээде өлүп кайра тирилүү) жөө жомоктордо, эпостордо кеңири белгилүү сюжет. Мындай салттык сюжет "Манас" эпосунда Көзкамандар окуясына байланыштырылып берилген. Көзкамандар окуясына окшош окуя "Мажму ат-таварихте" да бар.

Түпкү аталары Манас менен уруулаш чыккынчы Тубай Манасты ууландырып, эс-учун билбей жатканда ага уунун күчүн тарата турган дары беришет. Ал дарыны дарыгер Сайид Жалалад-Дин Манастын оозуна күнүнө бир тамчыдан куюп отуруп, он күн дегенде Манас көзүн ачат (Кол жазмалар фондусу, 5114-инв., 65-б.). Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Көзкамандардан ууланган Манасты Бек-Жайлоодогу үңкүргө алып барып, Каныкей дарылап айыктырат. Эпикалык ички чыккынчы душмандар тарабынан ууландырылган Манасты Т-тын айыктырышы (Сейид Жалал ад-Дин, Каныкей жана башкалар) — эпостогу көөнө сюжеттердин бири.

"Сейтек" эпосунда Манастын досу — Момунжан дарыгер Кыяс далысынын кечирин кестирип жазаланган Күлчорону дарылап айыктырат. Күчүнө-күч, кайратына кайрат кошуп., мурдагы абалына келтирет. Ошондой эле "Манаста" өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардын түрдүү органдарынан даярдалган дары-дармектер, аларды колдонуу жөнүндөгү, элдик хирургиялык аспаптар, аларды Т-тар кандайча пайдаланышкандыктары туурасындагы маалыматтар да орун алган. Мисалы, эпосто согушта жарадар болгон жоокердин жарасын тилип тазалаганда аштар аттуу аспаптын колдонулгандыгы ("Токтогон окту аштарлап, Тилип жаткан дагы бар"), денеде калган мылтыктын, жаанын огунун, башка темир куралдардын денеде токтоп калган сыныгын табуу жана ордунан козгоп, копшутуп чыгаруу үчүн тинтүүрдүн колдонулгандыгы ("Тинтүүр менен тинткилеп, ойногон окту табышты" да баяндалат, к. Элдик медицина.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4