Санжар Касымбеков
Касымбеков Санжар Фазылбекович (1902-1924) — Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн жигердүү күрөшчүлөрдүн бири. М. Ф. Касымбековдун уулу.[1] 1917-ж. май айынан революциячыл ишке катышкан. Анжиян мусулман жумушчулар менен чайрыкерлер советинин аткомунда (1918, июнь), РКП(б)нын Ош шааркомунда (1918, август), Түркстан крайкомунда (1918, декабрь) иштеген. 1919-ж. октябрдан РКП(б)нын Ош шаардык мусулман уюмунун төрагасына орун басар, 1920-ж. февралдан январь 1921 жылга чейин Ош уезддик шааркомдун төрагасы. Анжиянда Совет бийлигин орнотууга,Ташкентдеги контрреволюциячыл козголоңду басууга, Закаспий фронтундагы согушка катышкан. 1920-жылдан Түркстан фронтунун бүткүл россиялык дыйкандар жана токойчулар союзунун Самаркан обкомунун төрагасы болуп иштеген. 1924 жылы басмачылар өлтүргөн. Анын атына Ош шаарында көчөнүн аты коюлган.[2]
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
Тиркемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Санжар Касымбеков(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Уикипедия:Шилтемеси жараксыз барактар
- Ош облусу
- Ош шаары
- Милиция
- Борбордук Азия
- Чөлкөм таануу
- Кыргыз тарыхы
- Кыргыз таануу
- Мамлекеттик ишмерлер
- Саясат таануу
- Кыргызстандын саясатчылары
- Басмачылык менен күрөшкөндөр
- Кыргызстанда Совет бийлигин орноткондор
- Жарандык согуштун катышуучусу
- Туулгандар 1902-жылы
- Өлгөндөр 1924-жылы