Жалил Садыков

Википедия дан
Садыков, Жалил‎»‎ барагынан багытталды)
Садыков, Жалил
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Садыков, Жалил Дастанович
Туулган жылы: 23.10.1932-жыл
Туулган жери: Кичи-Нарын айылы, Московский району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 21.10.2010-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
жубайы: Бекболотова Бурул Бишкек шаары,Кыргыз Республикаэкинчи аялы Сайдахматова Эльвира
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, драматург, коомдук ишмер митингчи
Наамдары: Кыргыз CCРинин адабиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын ээси
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1953-2011-жылдар

Жалил Садыков - акын, драматург, котормочу жана коомдук ишмер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалил Садыков Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында 1932-жылы 23-октябрда туулган.
Орто мектепти ошол айылдан бүтүп, колхоздо иштеп, «Ак-Туз» комбинатынын шахтасында кен казып иштеген.

1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн соң Кыргыз Министрлер Советинин алдындагы Главлитте, «Кыргызстан пионери» гезитинде иштеген.
1959–1963-жж. Нарын облусу, 1981–1985-жж. Ысык-Көл облусу боюнча Кыргызстан Жазуучулар союзунун кеңешчиси болгон.
1964-жылдан «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы болгон.
1967-жылдан «Жаш ленинчи» журналын жетектеген.
1980-жылдары Кыргыз ССР маданият министрлигинин репертуардык-редакция коллегиясынын башкы редактору,
1988–1992-жж. «Кыргыз маданияты» гезитинин башкы редактору, Кыргыз Республика Ишкерлеринин улуттук казына башкармасынын төрагасы болгон.
Кыргыз Республикасынын эл депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.Роналдунун баласы.

Адабий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж.Садыковдун «Убада» аттуу алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн.
Акындын жүздөгөн ырларына обон чыгарылган.
Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек»(1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтиги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү» ж. б. драмалары театрларда коюлган.

Ж.Садыков чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын «Рубаилерин», Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченконун, балкар акыны М.Кудаевдин жана Я.Шивазанын чыгармаларын которгон.

Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилине которулду, драмалык чыгармалары чет өлкөнүн элет, шаарларындагы сахналарга коюлуп келет.
1958-жылдан 1991-жылдын соңуна чейин СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Ж.Садыков Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору.

Сыйлыктары менен наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Манастын уулу Семетей» эпикалык драмасы үчүн Ж.Садыковго Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Ж.Садыковго “Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери», “Кыргыз Эл акыны» наамдары ыйгарылган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
Убада: Ырлар жана поэмалар – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 128 б.
Жайкы таңда: Ырлар жана поэма – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 152 б.
Кечээкинин күбөсү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 55 б.
Бөжөктөрдүн өмүрү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 31 б.
Акын чабан: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 15 б.
Сары өзөн: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 121 б.
Бөбөктөргө үйрөткүн: Ырлар: Мектеп жашына чейинки майда балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1966. – 18 б.
Кылымдын барактары: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 127 б.
Менин ырым мекеним: Ырлар жана поэма – Ф.: Кыргызстан, 1958 – 127 б.
Сырдашуу: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1969. – 90 б.
Унутулгус обондор: Ырлар жана поэма. – Ф.: 1971. – 121 б.
Жоогазын: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1973. – 78 б.
Toп жылдыздар: Тандалган ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 302 б.
Тууган жер: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 176 б.
Мөлтүр булак: Ырлар, поэмалар, драма. – Ф.: Мектеп, 1981. –112 б.
Тууган жер: Ырлар, поэмалар, драмалар: Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1981. – 112 б.
Аккан суу: Ырлар, поэмалар: Жаштар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1984. – 192 б.
Жер керемети: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 168 б.
Тандалмалар. – Ф.: Адабият, 1992. – 288 б.
Тандалган чыгармалар – Б.: Бийиктик, 2003. – 503 б.
Кеч күздөгү мөмөлөр. – Б.: Бийиктик, 2007. – 259 б.

Орус тилинде
Лик земли: Стихи и поэмы. – М.: Сов. писатель, 1983. – 80 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Омар Хайам. Рубаилер (Ж.Садыков, Т.Шаршенбаев). – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 131 б.
Омар Хайам. Рубаилер (Ж.Садыков, Т.Шаршенбаев). – Ф.: Адабият, 1987. – 131 б.

Драмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табышкандар: Үч көшөгө, сегиз сүрөттүү драма. Ала-Тоо, 1965, №11. – 79–112-б.
Пудовкин-Жукеев: Үч көшөгөлүү драма. Ала-Тоо, 1966, №10. – 89–112-б.
Айкөл Манас: Эпикалык драма. Ала-Тоо, 1992., №10–11. – 80–113-б.
Айкөл Манас: Драмалар. Ала-Тоо, 1995.– 248 б.
Манас. Семетей. Сейтек: Эпос. Үчилтик Түз.: Ж.Садыков, К.Садыков, Р.Кыдырбаева. – Б. “ЖЭКА» ЛТД, 1999. – 468 б.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, "Бийиктик", 2009.



Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]