Суранчы Жетимишов

Википедия дан
Жетимишов, Суранчы‎»‎ барагынан багытталды)
Жетимишов Суранчы
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жетимишов Суранчы
Туулган жылы: 1951-жылы 25-февраль
Туулган жери: Корул айылы, Алай району, Ош облусу
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Жазуучу, драматург

Жазуучу, драматург жана сценарист Суранчы Жетимишов Алай районунун Корул айылында 1951-жылы 25-февралда туулган.

Ал райондук, облустук гезиттерде, Кең-Жылга, Тогуз булак, К.Султанов, А.С.Пушкин атындагы орто мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, С.Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенип келген. Анын чыгармачылыгы 1970-жылдары башталып, алгачкы «Бактысыз аял» аттуу пьесасы Алай райондук элдик театрында коюлган. С.Жетимишовдун «Камчыбек» драмасы 1993-жылы З.М.Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалуу драма театрында, «Алымбек датка» 2003-жылы С.Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театрында, «Абдылдабектин көз жашы» 2000-жылы Кара-Кулжа райондук элдик театрында, «Кыргыз Каныкеси» 2001-жылы Өзгөн райондук элдик театрында, «Даткайым» 2001-жылы Ноокат райондук элдик театрында, «Даткайым», «Кайдасыңар, асыл адамдар» 2001, 2007-жылы Кара-Суу районундагы драмалык топто, «Кубат бий» 2003-жылы Өзгөн элдик драма театрында, «Каргаша» 2003-жылы Ош облустук куурчак театрында коюлган. Ал эл аралык жана республикалык деңгээлдерде өткөрүлгөн «Ош – 3000», «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы», «Оштун азем түндөрү 1999–2000», «Театр искусствосу достук үчүн ынтымактыктын, тынчтыктын көпүрөсү – 2002», «Кылымдар карытып баскан кыргыз көчү – 2002» аттуу маданий массалык театраштырылган оюн-зооктордун сценарийлерин жазган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына 2001-жылы Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыкка, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисине татыктуу болгон. 1976-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер, 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союздарынын мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз каникеси. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 1999. – 37 б.
  • Кубат бий. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 1999. – 52 б.
  • Балбай баяны. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2002. – 44 б.
  • Тору кашка. – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2002. – 40 б.
  • Алымбек датка. Ош: Ош обл. басмаканасы, 2002. – 55 б.
  • Абдылдабектин көз жашы – Ош: Ош обл. басмаканасы, 2005. – 55 б.
  • Будулдуу буурул түндөр. Ош: Ош обл. басмаканасы, 2009. – 337 б.
  • Каргаша: Уламыш. Ош: Ош обл. басмаканасы, 2009. – 16 б.
  • Айга эмнеге учушат: Жомок. Ош: Ош обл. басмаканасы, 2009. – 16 б.
  • Эл сактаган бала: Жомок. Ош: Ош обл.басмаканасы, 2009. – 22 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]