Империя конференциялары

Википедия дан

Империя конференциялары - Улуу Британия жана анын доминиондорунун өкүлдөрүнүн (адатта премьер-министрлердин) конференциялары.

1911 жылдан чакырыла баштаган. Империя конференцияларына чейинки 1887, 1894, 1897, 1902, 1907 жылдардагы колониалдык конференцияларга Улуу Британиянын жана өзүн өзү башкаруучу жер которгондор менен айрым корона колонияларынын өкулдөру катышкан.

Империя конференциялары 1911, 1917, 1918, 1921, 1923, 1926, 1930, 1932, 1937-жылдарда чакырылып, анда негизинен Британия империясынын тышкы саясаты боюнча маселелер талкууланган. 1917-ж. Империя конференцияларынын чечимине ылайык, анын ишине Индиянын өкүлү катыша тургандыгы белгиленген. 1926-ж. Империя конференцияларыда доминиондордун ички жана тышкы саясатын өз алдынча чечүүгө, алар Улуу Британия менен тең укуктуу экендиги 1-жолу официалдуу билдирилген.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Империя конференциялары кеңешмелер, андан кийин премьер-министрлердин ынтымактык конференциялары менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.