Инал

Википедия дан

Инал, энал – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар боюнча уруктун аталышы. Тувада 9–10-кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтырган руна эстеликтеринде «ынал» деген сөз кездешет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыздар жөнүндө маалымат бергенде, алардын падышасы «инал» деп аталарын белгилейт. Ушундай эле маалымат Абу-л-Гази Бахадур хандын эмгегинде да маалымдалат. Махмуд Кашгари иналга төмөнкүдөй аныктама берет:
1. Энеси хан тегинен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу;
2. Энчилүү ат, титул.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.