Индикатор микроорганизмдер

Википедия дан

Индикатор микроорганизмдер (лат. "indicator–көрсөткүч) -сырткы чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсөтүп турган микроорганизмдер. И. м-ди изилдөө топурактын микробиол-сынын өнүгүшү менен коштолуп, алардын жардамы менен топурактын тибин, анын агротехникалык, агрохимиялык ыкмаларынын топуракка таасиринин шарттарын аныктаганга жардам берет. Ошондой эле микроорганизмдер аба, суу, топурак жана башка жаратылыш объектилеринин ар түрдүү химиялык (оор металлдар, пестициддер, радиоактивдүү) заттар менен булганышынын эң сонун көрсөткүчтөрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биогендик элементтердин бар экендигин көрсөткөн микроорганизмдердин түрлөрү кездешет. Мисалы: азотобактер, кальций, магний, азот, ошондой эле оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo жана башка элементтеринин топуракта аз сандагы концентрациясына да өтө сезгич болушат. Өсүмдүктөр үчүн уулуу деп эсептелген жогорку концентрациядагы цинк элементин аныкташ үчүн Serratia marcescens - тест микроорганизм катары колдонулат. Ал эми ар кандай типтеги топурактын санитардык абалын баалоодо ичеги таякчасы (Escherichia coli) жана Bac. perbringens деген микроорагнизмдер колдонулат. Топуракта азоттун санын эсептоо учун - Scenedesmus guadricoula деген балыры колдонулат. Илимий топурак миробиол-сынын өнүгүшү менен келечекте дагы көптөгөн жаны индикатор микроорагнизмдер табылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]