Интелектуалдык жанрлар
Jump to navigation
Jump to search
Интелектуалдык жанрлар интеллектуалдык роман, интеллектуалдык драма ж. б. Бул термин адабият таанууда соңку жыйырма жылда пайда болгон. Мындай чыгармаларда каармандар өздөрүнүн ыймандык, адамдык сапаттарын көрсөтүү менен бирге алардын идеялык, көзкараштык, теориялык талаш-тартыштарына, принциптерине өзгөчө көңүл бурулат. Айрым учурда “роман-концепция”, “драма-концепция” деп да айтылат. С. Эралиевдин “Кесин-инсан” поэмасы, Ч. Айтматовдун “Кассандранын энтамгасы” деген романдары Интелектуалдык жанрга кирет деп эсептөөгө болот.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004