Интеллект

Википедия дан

Интеллект (лат. intellectus – акыл, эс) – акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган же мурдагы билимди сынга алган жана анализдеген акыл-эстин функциялары (салыштыруу, абстракция, түшүнүктөрдү, пикирлерди, ой бүтүмдөрүн ж. б. пайда кылуу). Орто кылымдарда эле эрк интеллектке баш ийеби, же тескерисинче Интеллект эрк тарабынан башкарылабы деген талаш-тартышуу курч маселе коюлган. Биринчи көз карашты Фома Аквинский, ал эми экинчисин Дунс Скот жана Уильям Оккам сыяктуу англиялык ойчулдар жакташкан. Бүгүнкү күндө интеллект да, эрк да обьективдүү жагдайлардан көз каранды, ал эми интеллект рухий чөйрөнүн курамына кирүү менен психикалык чөйрөнүн элементи болуп эсептелген эрктен бир кыйла жогору турат деген түшүнүмдөр үстөмдүк кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]