Интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу

Википедия дан

Копмүтерде эл аралык жана жергиликтүү кылуу (англ. internationalization and localization; интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу) — компүтердеги программаны ар кайсы тилдерге, аймактык айырмачылыктарга жана максаттуу базардын (жердин) техникалык талаптарына ылайыктоо дегенди билдирет. Интернационалдаштыруу — ар кайсы тилдерге жана аймактарга инженердик өзгөртүүсүз ылайыктоого мүмкүн болушу үчүн программалык колдонмону иштеп чыгуу жараяны. Локалдаштыруу — интернационалдаштырылган программаны белгилүү бир аймакка же тилге, жергиликтүү аймакка мүнөздүү компоненттер жана текстти которуу аркылуу, ылайыкташтыруу жараяны. Локалдаштыруу (ар кайсы жер үчүн потенциалдык түрдө бир нече жолу жүзөгө ашырылат) интернационалдаштыруу тарабынан берилген инфраструктураны же ийкемдүүлүктү (идеалдуу түрдө бир эле жолу, же тынымсыз өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү катары жүзөгө ашырылат) колдонот.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Терминдер көбүнесе сандар менен кыскартылып келет. Алар i18n (18 саны internationalization деген сөздөгү биринчи i жана акыркы n'дин ортосундагы тамгалардын санын туюнтат, анын колдонулушу 1970 же 80-жылдары DEC компаниясында бекитилген) жана L10n localization деген сөздүн узундугуна байланыштуу кыскартылып калган.

IBM жана Sun Microsystems сыяктуу айрым компаниялар интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу экөөнү бириктириш үчүн "глобалдаштыруу" (globalization) терминин колдонушат. Аны g11n деп кыскартып алышкан. Ошондой эле, ал "глокалдаштыруу" ("glocalization" — globalization жана localization деген сөздөрдүн аралашмасы) деген ат менен белгилүү болгон.

Microsoft интернационалдаштырууну Даяр-сөз менен локалдаштыруунун биригүүсү деп аныктайт. Даяр-сөз — продукцияны бир нече жазуулар жана маданияттар (глобалдаштыруу) менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн иштеп чыгуучу тапшырма. Ал колдонуучу интерфейс ресурстарын локалдаштырууга (localizability, L12y деп кыскартылган) мүмкүн болгон форматка бөлүп берет.

Hewlett-Packard жана HP-UX локалдаштырууга мүмкүн болгон программаны өндүрүү үчүн NLS (Улуттук тили колдоо же Эне тилди колдоо) деп аталган системаны жасашкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]