Иран таануу

Википедия дан

Иран таануу, иранистика - иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин тарыхын, экономикасын, тилин, жазуу эстеликтерин, материалдык жана духовный маданиятын изилдөөчү гуманитардык илимдер комплекси.

Иран таануу 19-кылымда да осетин таануу, тажик таануу, иран тилдеринде сүйлөгөн байыркы элдердин тилин жана жазуу эстеликтерин изилдөөчү тармак болуп калды. Байыркы жана орто кылымдардагы эпиграфия эстеликтери, иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин тарыхы, маданияты боюнча эмгектер иран таанууга негиз болду.

Европа өлкөлөрүнүн Иран, Орто Азия, Индия менен соода жана дипломатиялык мамилелеринин өнүгүпгү, европалык саякатчылардын (Ж.Карпини, В. Рубрук, М. Поло ж. б.) жазмалары Батыш Европада иран таануунун келип чыгышына түрткү берген. Байыркы иран тилдериндеги эмгектер салыштырма тил илимин түзүүдө аздыр-көптүр роль ойногон.

17-кылымда - 18-кылымдын 1-жарымында иран классиктеринин чыгармалары, тарых адабияттары европалык тилдерге которулуп, ираи тилинин грамматикасы, сөздүктөр, изилдөөлөр пайда болду. Булардын баары иран хаануунун куралышы үчүн өбөлгө түздү. «Авестанын» изилдениши (французча 1771-жылы чыккан), байыркы фарс клинописинин чечмелениши иран таануунун илим катары калыптанышына көмөк көрсөттү. Англис, француз, немец илимпоздорунун аракети менен 19-кылымда иран классикалык адабияты дүйнөлүк адабиятка кирди. Россияда иран таануу 19-кылымдын 1-жарымында пайда болгон.

Азыркы кездеги иран таануунун негизин марксчыл окумуштуулар М. П. Павлович, A. С. Султанзаде, С. Пастухов, В. Осетров, В. Тардов жана улуу муундагы иранисттер салышкан. Орто Азия жана Закавказье республикаларында еөрчүгөн адабиятты, тарыхты жана археологияны изилдөө иштери иран таануу үчүн чоң мааниге ээ. Ленинград, Ташкен, Баку ж. б. ш-дагы китеи сактоочу ири жайлардын иранча кол жазма каталогдору басылып чыккан.

Иран таануу проблемасы Москвадагы Чыгыш таануу институтунда жана анын Ленинград бөлүмүндө, СССР ИАнын этнографиялык, философия, дүйнөлүк, экономикалык жана эл аралык мамилелер, дүйнөлүк адабият, тил институттарында, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Армения, Тажикстан жана Түркмөнстандын Чыгыш таануу институттарында, МГУга караштуу Азия жана Африка өлкөлөрү институттарында, ошондой эле дагы башка шаарлардагы университеттерде иштелип чыгууда.

Белгилүү иранисттер: В. В. Бартольд, В. В. Струве, M. М. жана И. М. Дьяконовдор, Б. Г. Гафуров ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9