Ирландия көтөрүлүшү

Википедия дан

Ирландия көтөрүлүшү (164152) - англ, монархиянын Тюдорлор жана биринчи Стюарттар убагында ирланд жерин тартып алуусуна, элин кулдандыруусуна каршы чыккан улуттук-боштондук көтөрүлүш.

1641-ж. 23- октябрда башталган. Англиядагы буржуазиялык революция (17-к.) мезгилинде болгон. Көрүлүшкө ирланд жана англис-ирланд феодалдары менен дыйкандары катышып, аларга ак сөөктөр жана католик дин кызматчылары жетекчилик кылган. Көтөрүлүштүн англис-ирланд ак сөөк жетекчилери мурда тарттырган жерлерин (же алардын айрым бөлүгүн) кайтарып алуу, англ, бийликтин зомбулугун жоюу сыяктуу гана максатты көздөсө, жергиликтүү ирланд эли андан алда канча чечкиндүү аракеттенүүнү талап кылган.

1642-ж. көтөрүшчүлөр өз мамлекетин - католиктердин Ирландия конфедерациясын тузгон.

Бирок ак сөөктөр менен жогорку дин кызматчыларынын чыккынчылыгынын кесепетинен Конфедерация англ, король Карл I менен 1643-ж. элдешүү, 1646-ж. тынчтык келишимдерин (1649-ж. калыбына келтирилген) түзгөн. Бул англ, индепенденттердин Ирландияны толук басып алышына мумкундук берген. 1649-ж. августта О. Кромвель башкарган англ, аскерлер Ирландияга түшүрүлүп, Кромвель жана анын тарапкерлери ирланд жерин массалык түрдө тартып алган. Мунун натыйжасында англ, жаңы жер ак сөөктөрү түзүлүп, ал Англиянын өзүндө 1660-ж. монархиянын калыбына келтирилишине таяныч болгон

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.