Ирония

Wikipedia дан

Ирония (гр.— шылдың, келеке) — алгач билип туруп эле билмексен болуп же өзү ойлогон, билген чындыкка каршы кыйыр, жанытма түрүндө мыскылдап сүйлөө манерасы түшүнүлгөн. Мындай манера интеллигенттүү угуучулар үчүн түшүнүктүү болгон. Ирониянын төмөнкүдөй түрлөрү белгилүү: 1) стилистикада – кыйыр, жанытма түрүндөгү мыскыл. Ирония турмуштук көрүнүштү же предметти атайын апыртып мактоо менен адамдын кемчиликтерин күлкүлүү кылып берет.
Мисалы: «бетиң аппак көмүрдөй, этиң жумшак темирдей». Ирония көп учурда троптук (өтмө) мааниде болот да, демейде комедияда, сатирада, юмордо, тамсилде, эпиграммаларда көп пайдаланылат. 2) Сократтын ирониясы боюнча акылман адам эч нерсени билбеген түркөй, түшүнбөс, сабатсыз адам катары өзүн билерман, туярман, акылман деп эсептеген адамдарга ар кандай суроолор менен кайрылган. Аңгемелешүүнүн натыйжасында Сократтын маектеши өзүн акылдуу адам деп эсептегени менен, жакшылык, жамандык, сулуулук, ажарсыздык, эр жүрөктүк, коркоктук сыяктуу жалпыга белгилүү нерселер тууралуу үстүртөн гана билээри, же, билбеси анык болгон. Сократ менен болгон маек гана анын терең сабатсыз экендигин, түркөйлүгүн аныктап, «билерман» адам кыялдардын гана дүйнөсүндө жашап жүргөндүгүн ачыкка чыгарган. Ошентип, Сократ маектешүү процессинде маектештин чыныгы жүзүн ачып, аны иллюзиялар дүйнөсүнөн бошоткон да, чыныгы акылмандыкка карай талпындырган. 3) Романтикалык ирония «оомалуу-төкмөлүү жалган дүйнөгө, искусствого, даанышмандыктарга, гениалдуулукка кош көңүл, кайдыгер мамиле кылган рухий маанайдын» мүнөзүнө ээ (Фридрих Шлегель). Мындай ирония нукура текеберчиликти же ички өксүк менен ишенимсиздикти компенсациялоого болгон аракетти чагылдырат. 4) Кьеркегордун окуусу боюнча экзистенциалдык ирония диндин өзөгүн түзгөн этикалык нормаларга өтүү учурунда эстетикалык кубулуштарды тап-такыр эске албагандык болуп саналат. Мындай ирония христиандык диндин түпкүрүндө терең орун алган.

"Манас" эпосунда[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирония тээ эзелтеден элдик оозеки адабиятынан бери келаткан көркөм табылга. Мисалы, Чоң казатка кыргыз колу аттанганда Манастын Тазбаймат он башы болгон топко аты катталат. Аны Тазбаймат да, Манас да билбейт, Кытай чегине жеткенде аскер башчы кан Алмамбет элди түгөлдөгөндө Тазбайматтын тобунан бир киши жетпей, ал бул күнөөсү үчүн өлүм жазасын тартмак болот. Серектин өтүнүчү менен тизме текшерилгенде бул жаңылыштык такталат. Ошондо Манас он башы болуп аз жерден өлүм жазасына тартылбай калган оопай Тазбайматты эл: “Манаска болгон он башы, байкаңар кандай неме экен” — деп келекелеп күлүшөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]