Искандер Гайпкулов

Википедия дан
Искандер Гайпкулов
Туулган датасы:

25 -март 1966(1966-03-25) (58 жаш)

Туулган жери:

Мангыт, Араван району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Партиясы:

Ата-Мекен (2017 — а. у)

Ишмердүүлүгү:

ЖК-тин депутаты (VI чак. 2017 — а.у[1])

Искандер Гайпкулов (төр. 25-март, 1966; Мангыт, Араван району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык жеке ишкер жана саясатчы. 2017-жылдын декабрь айынан тарта "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин алтынчы чакырылышынын депутаты[1].

Аскердик наамы- запастагы подполковник.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гайпкулов Искандер Төрөбаевич 1966-жылдын 25-мартында Ош облусунун Араван районунун Мангыт айылында туулган.

Эмгек ишмердигин 1984 –жылы Ош облусунун Араван райондук каржы бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган.

1984-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун финансист адистиги боюнча бүтүргөн.

1996-жылы Алма-Ата шаарындагыМамлекеттик башкаруу Академиясынын экономист адистиги боюнча аяктаган.

1984-жылдан тартып 1986-жылга чейин СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

1990-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын системасында түрдүү жетекчи кызматтарын аркалаган.

1990-1991ж.ж.- Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынынбашкы мамлекеттик салык инспектору, 1991-1992ж.ж.- Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүм башчысы, 1992-1993 ж.ж.- Ош шаарынын Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары, 1993-1996 ж.ж.–Ош облусунун Араван районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси, 1996-1999ж.ж.- Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси.

1999-жылдын август айынан тартып декабрь айына чейин-Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары.1999-жылдын декабрь айынан 2002-жылга чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-Акими.

2002-2004 жылдары- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлчүлүктүн катчылыгынын эксперти, түштүк региону боюнча өкүлү.

2004-2005 жылдары -“Инвестициялык төгөрөк стол” коомдук бирикмесинин түштүк региону боюнча эксперти .

2005-2007 -жылдарыКыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин IIIчакырылышынын депутаты.

2007-2010 жылдары- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы .

2011-жылдан 2013-жылга чейин - "РСК Банк" ААКнын Башкармасынын төрагасы.

2013 жылдан 2015 жылга чейин -жеке ишкер.

2015-жылдын январынан тартып 2017 жылдын декабрына чейин - "Аймактык саясат институту" мамлекеттик эмес билим берүү мекемесининБорбордук Азия боюнча филиалынын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору.

2017-жылдын декабрь айынан "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин алтынчы чакырылышынын депутаты[1].

Сыйлыктары жана Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1999- жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы,
  • 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардак наамы менен сыйланган.
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2 класстагы мамлекеттик кенешчиси . Биринчи даражадагы салык кызматынын кеңешчиси.

Жеке Жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 Гайпкулов Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген жаңы депутат Искандер Гайпкулов ант берди. Super.kg. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018.