Исмаилбек Таранчиев

Таранчиев Исмаилбек (06.04.1923, Чүй облусу, Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы – 18.03.1944, Эстония, Синимяэ аймагы, Ластиколония району болжол менен) — кенже лейтенант, 1991-жылы (өлгөндөн кийин) Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Кыскача өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Исмаилбек Таранчиев 1941-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылы Чкалов атындагы аскердик авиациялык окуу жайын аяктаган.
1944-жылдан тартып согушка катышып, Ленинград фронтунун 13-аба армиясына караштуу 277-чабуул коюучу авиация дивизиясынын 566-полкунда кызмат өтөгөн.
Согуш маалында 36 жолу аба чабуулуна чыгып, 1944-жылдын 26-февралында Эстониянын Тарту шаарындагы аэродромго сокку уруп, душмандын 3 учагын жок кылган.
1944-жылдын 18-мартында күйүп жаткан Ил-2 учагын душмандын танктары топтолгон жерге багыттап, аларга чоң жоготуу келтирип, өзү баатырларча курман болгон.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ленин, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.
Ал 1991-жылы 5-майда "Советтер Союзунун Баатыры" наамына (өлгөндөн кийин) ээ болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9