Тарту

Википедия дан

ТартуЭстониядагы калкынын саны боюнча Таллин шаарынан кийинки 2-шаар. Эмайыги дарыясынын боюнда жайгашкан порт. Калкы 95,1 миң (2012). Темир жол түйүнү. Машина куруу, металл иштетүү, химиялык, тамак-аш, жеңил, жыгаччылык, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, театрлар, музейлер, архитектуралык эстеликтер ж. б. бар. Тарту 1030-жылдан Юрьев деген ат менен белгилүү, 1224–1893-жылдары расмий аты – Дерпт. 1625-жылы Швецияга өтүп, 1721-жылдан Россиянын курамына кирген. 1919-жылдан азыркыдай аталып, Эстониянын курамында. Готика стилиндеги Пётр жана Павел собору (13–15-кылым), Яани чиркөөсү (14-кылымдын ортосу), классицизм стилиндеги ратуша (18-кылымдын аягы), университет ансамбли (19-кылымдын башы) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]