Испан мурасы

Википедия дан

Испан мурасы — Испан мурасы үчүн согуш — Франциянын Европада үстөмдүк кылуу үчүн Габсбургдар менен узак убакыт жүргүзгөн күрөшүнүн жана жаш капиталисттик мамлекеттер — Англия менен Голландиянын европалык саясий аренага келишинин натыйжасыйда 1701-1714-ж. чыккан согуш.

Ага испан королу Карл II Габсбургдун эркек тукумунун жоктугу себеп болгон. Испан тагын көбүнчө Франциянын королу Людовик XIV Бурбон жана Ыйык Рим империясынын императору Леопольд I Габсбург талашкан. Мында король такка өзүнүн (испан ханышасынан төрөлгөн) небереси Филипп Анжуйскийди, ал эми Рим императору улуу эрцгерцог Карлды олтургузмак болгон. Англия менен Голландия Испаниянын начарлашынан пайдаланып, империянын жана Франциянын күчөшүнө жол бербөө үчүн Испанияны бөлүштүрүүгө умтулган.

Бирок Англия жана Голландиянын соода жагынан испан колонияларында артыкчылыкка ээ болуу максаты жүзөгө ашпаган. Ошондуктан алар Францияга каршы 1701-ж. 7-сентябрда Гаагада «Ыйык Рим империясынын» императору менен союз түзүп, 1702-ж. май айында Францияга согуш жарыялаган. Кийин Францияга каршы коалицияга Бранденбург, германдык ж. б. княздыктар, Дания, Португалия жана Франциянын мурдагы союздашы Савойя кошулган.

Испан мурасы үчүн согуштун патыйжасында Филипп V Бурбонго Испания колониялары менен калтырылган (ал француз тактыны мурастоо укугунан баш тартууга тийиш болгон). Австрия Габсбургу Испаниянын Нидерланддагы (Бельгия) жана Италиядагы (Милан герцогдугу, Неаполитан королдугу ж. б.) ээликтерин алган. Англия Гибралтар, Жер Ортолук деңиздеги Менорка аралына, Түндүк Америкадагы аймакка жана башкаларга ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.