Истеми

Википедия дан

Истеми (510 болжол менен 576-ж.) – Түрк кагандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууганы. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроникаларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да аталган. Анын кол башчылыгы менен түрк уруулары адегенде Борбордук Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-кылымдын орто ченинде түрк тилдүү уруулар менен жергиликтүү көчмөндөр бир согуштук-администрациялык системага («он ок будун» он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-администрациялык түзүлүштүн формасы катары түшүндүрүлгөн. Истеминин буйругу менен ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган жана өзүлөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш жана батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын башында чоро турган жана алар Суяб шаарынын чыгышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу нушиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб шаары борбор болгон. Истеми башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) менен Жайыктын (Урал) айланасындагы аймакты, 567–70-ж. Түндүк Кавказды өзүнө караткан. 6-кылымдын 2-жарымында Истеми эфталиттерге каршы күрөшүү үчүн Иран шахы Хосров Ануширван менен аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын берген. Алардын жардамы менен 563-ж. Истеми эфталиттерге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өткөрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров менен келишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчиликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүүдөн баш тартып, соодагерлер алып келген жибекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжада, Истеми Византия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. Истеми анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чыккан. 570-ж. иран шахынын Йеменди басып алышына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр менен Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-ж. Картлинин падышасы Г. Баградиттин жардамы менен Босфорду жана Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Византияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңиз тараптагы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна кожоюн болуп, анын ичинде Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евразияда биринчи кеңири империяны түзгөн Истеми болуп эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]