Эфталиттер

Википедия дан

Эфталиттер - хиониттер, ак гунндар –5–6-кылымдагы Орто Азия, азыркы Ооганстан, түндүк-батыш Пакистан жана Чыгыш Түркстандагы уруулардын шарттуу бирикмеси. Эфталиттердин теги Чыгыш Иран урууларынан деп эсептешет, бирок алардын арасында башка этностук бирикмелер болушу мүмкүн. Бир катар изилдөөчүлөр Эфталиттердин негизги аймагы катары Тохарстанды жана Чыгыш Ооганстанды эсептешет. Эфталиттер бирикмесин шаар маданиятынын таасирине кабылган жоокер уруулар түзгөн. Э. 5-кылымдын башынан сасанилерге каршы күрөшүп, аларды салык төлөөгө мажбурлашкан. 460-ж. Түндүк Индиянын батыш бөлүгүн басып алууга аракеттенишкен. Эфталиттер бирикмеси 6-кылымда инди, сасани, түрк урууларынын соккусу астында кыйраган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5