Исфана суусу
Көрүнүш
Исфана суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 35 км |
| бассейндин аянты | 330 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Баткен облусу |
| Район | Лейлек району |
Исфана суусу — Лейлек районундагы суу. Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы-Алтынбешик тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 35 км, алабынын аянты 330 км². Бийик тоолу капчыгайдан Түзжайлоо өрөөнүнө чыкканда жерге сиң ип кетип, Исфана-Карабулак өрөөнүндө кайра чыгатда, ага Тегирмелик суусу кошулат. Төмөнкү агымында Карасуу жана Андарсай депда аталат. Суусунун көбү жергесиң ип кеткендиктен жылдык орточо чыгымы өтө аз (0,2-0,5 м/сек). Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Эң чоң чыгымы майиюнь, эң азы февраль-март айларында байкалат. Июндан сугат каналдары башталат. Боюнда Исфана жана башка кыштактар жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы мамлекеттик тил жана энциклопедия. Б. 2004.