Италиядагы революция (1848-1849)

Википедия дан

Италиядагы революция (1848-1849) - мамлекеттик бытырандылык менен чет элдик (австриялык) эзүүгө каршы, бирдиктүү улуттук Италия мамлекетин түзүү багытында жүргөн революция.

  • Ал революция феодалдык-абсолюттук тартипти жок кылуу жана жаңы түзүлүш орнотуу зарылдыгынан улам Италиядагы социалисттик-экономикалык өсүштүн негизинде даярдалып, улуттук- боштондук» күрөштүн уландысы катары жетилген.
  • Революциянын биринчи этабында (1848, янв.- авг.) феодализмге каршы улуттук лагердин башында либералдык буржуазия турган. Ал өлкөнү Савой династиясынын же рим папасы Пий IХнун айланасында «жогортон» бириктирүү жана азат кылуу урааны менен чыккан.
  • Революция 1848-ж. 12- январда Палермодогу (Сицилия) элдик көтөрүлүш менен башталган. 1848-ж. февр.- мартта эки Сицилия, Сардиния королдуктарында, Тоскана Улуу герцогдугу менен Папа мамлекетинде ортозаар конституция жарыяланып, айрым мамлекеттерде конституциялык өкмөт түзүлгөн.
  • 1948-ж. мартта элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Ломбардия менен Венеция австриялык эзүүдөн кутулган (Венеция республика деп жарыяланган), Парма жана Моден герцогдуктарында австриялык бийлик кулаган. Патриоттук кыймылдын өсүү шартында улуттук күнкорсуздук үчүн согуш.
  • 29-апрелде Пий IX Австрияга каршы согушту токтотуу чакырыгы менен кайрылган.
  • 15-майда Неаполдо контрреволюциялык төңкөрүш болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.