Италия философиясы

Википедия дан

Италия философиясы (италийская философия) – мындай аталыш менен антикалык мезгилдеги пифагордук жана элей мектептерин түшүнүшөт. Алар грек колониялары болуп саналган Түштүк Италия менен Сицилияда б. з. ч. 6-кылымдын аягында пайда болгон Италия философиясы өзүнөн мурда пайда болгон иониялык философиянын таасири астында өнүккөн. Ошондой эле анын өнүгүшүнө Гомер менен Гесиоддун чыгармаларында кудайлар пантеону түрүндө чагылдырылган грек дини жана орфизм, дионисийлик культ сыяктуу мистерий дини да зор таасир тийгизген. Ошол себептен иониялыктардан айырмаланып, италийликтер диний-нравалык маселелерге олуттуу көңүл бурушкан. Алар жан, анын өлүшү жана өлбөстүгү, Кудай менен адамдын өз ара алакасы ж. б. проблемаларды көтөрүп чыгышкан. Анын натыйжасында философия «физистин» (табияттын) проблемаларынан оолактап, адам менен коомдун маселелерине жакындай баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]