Ички оорулар

Википедия дан

Ички оорулар — дем алуу, тамак сиңирүү органдарынын, жүрөк-кан тамыр системасынын, бөйрөктүн эндокрин бездеринин жана башка оорулары.

Аныктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички ооруларды аныктоодо тыңшоо, кармалап көрүү, оорулууну сурап билүү жана башкадан тышкары татаал биохимиялык жана аспаптык диагноздоо ыкмалары (мисалы, эндоскопия) колдонулат. Дарылоону терапевт-врач жүргүзөт. Дарылоодо негизинен дары-дармек, мүнөздөп тамактануу, айыктыруучу физкультура, санаторий-курорттук дарылоо жана башка пайдаланылат.

Пайда болуу себеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички оорулардын пайда болуу себебин, өөрчүү механизмин изилдөөчү жана аларга диагноз коюу, алдын алуу, дарылоо жолдорун иштеп чыгуучу клиникалык дисциплина да Ички оорулар ошондой деп аталат. Ички оорулар ошондой боюнча багытка негиз салуучулар Гиппократ, Гален, Ибн Сина жана башка болгон. 19-кылымдада патанатомия, патфизиология, бактериология жана башканын жетишкендиктери, оорулууну изилдөө методдорун иштеп чыгуу анын өсүшүнө түрткү берди. Орусияда аны негиздөөчүлөр М. Я. Мудров, С. П. Боткин, Г. А. Захарьин, А. А. Остроумов болгон.

Ички оорулардын негизги бөлүмдөрү:

  • гастроэнтерология,
  • гематология,
  • кардиология,
  • неврология,
  • пульмонология жана башка,

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8