Ички түздүктөр

Википедия дан

Ички түздүктөрТүштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү түздүктүү табигый өлкө. Бразилия бөксө тоосу менен Анд тоолорунун аралыгындагы (Түштүк кеңдиктин 10°нан 39°на чейин) тектоникалык ийилүүдөгү Маморе, Пантанал, Гран-Чако, Экисуу арасы жана Пампа аккумуляциялык түздүктөрүн камтыйт. Батышынан Анд тоолору, Пампа сьерралары, түштүгүнөн Патагония менен чектешет. Бийиктиги чыгышында 50–70 мден батышында 500–600 мге чейин. Көбүнчө кайнозойдун делювий-аллювий чөкмөлөрүнөн туруп, анда өтө катуу тектер 1200–1400 мге чейин көтөрүлүп жатат; түштүгүндө лёсс кеңири таралган. Ландшафтына түндүгүндө субэкватордук саванна токою жана саванна, борбордук бөлүгүндө тропиктик сейрек токой, түштүгүндө субтропиктик саванна, прерия жана талаа мүнөздүү. Парагвай, Парана дарыясын бойлой саздак токой тилкеси созулуп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]