Пампа

Википедия дан
Пампа.

Пампа, пампастар (испанча Pampa, көптүк түрүндө pampas; кечуа тилиндеги талаа дегенден) –

  1. Аргентинанын чыгышындагы түздүк. Батышы кум дөбөлүү (дюна), чыгышы түзөң, түштүк-чыгышында тоо массивдери (эн бийик жери 1250 м) бар. Климаты субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 300-500 лшден 800-950 ммге чейин. Түштүктөн памперо шамалы согуп турат. Негизги дарыясы – Парана (куймалары менен). Табигый ландшафты дээрлик айдалып, буудай жүгөрү ж. б. өстүрүлөт. Жайыт катары пайдаланылат;
  2. Түштүк Америкадагы субтропик өсүмдүктүү талаа. Аргентина, Уругвай жана Бразилияда кездешет. Пампада кызгылт кара жана бозомук күрөң топурактар өөрчүп, буйвол чөбү, тулаң, кызыл от, паслён, вербена, портулак өсөт. Бирок, табигый өсүмдүктүүлүгү абдан өзгөрүп, мал баш аламан жайылгандыктан, айрым жерлери деградацияга учуроодо. Жаныбарлары – пампа бугусу, чопкутчандар, нанду төө кушу, куну ж. б.
Пампа (Аргентина).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]