Ич кийим

Википедия дан
Балдар ич кийиминин ар кандай түрлөрү.

Ич кийим терини май менен терден тазалап, механикалык урунуулардан сактайт жана жылуулук берүү процессин жөнгө салат.

Жасалуу жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ич кийим териге тийип тургандыктан ал тигилүүчү кездеменин физикалык жана химиялык сапатына бир топ талаптар коюлат. Ал нымды жакшы сиңирүүгө, абаны өткөрүүгө тийиш. Кездеменин аба өткөргүчтүгү денени желдетүү жана терди буулантуу үчүн зарыл. Ич кийим же кийим өзүнөн ным, аба жана буу өткөрө алса, анда кийимге сиңген ным бат бул анатомиялык организмдин түрдүү функциялык абалы, иштин мүнөзү, климаттык шарттар эске алынып, ар кандай жылуулук сактоочу кездемелерден тигилген Ич кийимдерди колдонуу керек. Ич кийим табигый жана химиялык буладан даярдалган текстиль жана трикотаж кездемелерден тигилет. Трикотаждан тигилген Ич кийим өзүнө нымды көбүрөөк сиңирет, абаны, нымды жакшы өткөрөт, ал эми кендир, кебез кездемелерден тигилген Ич кийим бардык гигиеналык талаптарга жооп берет. Кебез кездемеден тигилген Ич кийим жылуулукту жакшы сактагандыктан көбүнчө суук мезгилде кийүүгө ылайыктуу. Кендирден даярдалган Ич кийимди жылуу мезгилде кийсе болот.

Колдонуу жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ич кийимди даярдоодо химиялык булалар кеңири колдонулууда. Жасалма жол менен алынган вискоза (целлюлозанын негизинде) жана синтездик буладан даярдалган Ич кийимдер да гигиеналык талапка туура келет. Трикотаж Ич кийим жана капрон байпактар кийип жүргөн мезгилде бат булганат да аба өткөргүч, ным сиңирүү касиетин жоготуп, териде оору козгогуч микроорганизмдердин (бактерия, грибок) өсүшүнө шарт түзөт. Хлоринден даярдалган Ич кийим дарылоочу максатта пайдаланылат. Ич кийим денени желдетүүгө, эркин кыймылдоого, оңой кийип, чечүүгө, дем алуу, кан жана лимфа айланууга тоскоол болбоого тийиш. И. к. тигилүүчү кездемелер жумшак, дене тердегенде жабышпагандай болушу зарыл. Жайында кийилүүчү Ич кийим кенен тигилгени оң. Ич кийимди жумасына 1 жолу алмаштырып, байпактарды күнүнө жууш керек. Ич кийимди шордуу сууга самын менен жууп, муздак сууга чайкаганда, самыны кетпей калат. Сууну жумшартуу үчүн ага ичилүүчү жана кир жуугуч соданын аралашмасын (1 л сууга 1 чай кашык) же нашатырь спиртин (1 л сууга 1 чай кашык) кошуу керек. Жүн жана жибек кездеме катуу ысуудан жана жегичтен бузулат. Жасалма жибекти (вискоза) абайлап, катуу толгобой жууш керек. Синтездик була (капрон, лавсан) ысык сууга жуулса, буюмдун формасы бузулат. Аларды температурасы 60°тан ашпаган сууга жууп, анча ысык эмес үтүк менен үтүктөш керек.

Балдардын ич кийими.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланын анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрү эске алынып, Ич кийимге өзгөчө талап коюлат. Алар жылуу, тери дем алгандай, организмдин зат алмашуусуна тоскоол болбогондой болуусу зарыл. Баланын териси назик, ырбаак жана терчил болот, ошондуктан аны тигүүдө кездемени ылайыктап тандоо, терди өзүнө жакшы сиңирип жана тез бууландыруучу, абаны жакшы өткөрө турган кездемелер сунуш кылынат. Ал табигый буладан өңү өчпөгөн, түсү назик, борпоң токулган кездеме — креп, мадаполам, вольта, батист, момозий жана пахта буласынан токулган трикотаждар ылайыктуу. Синтездик буладан даярдалган кездемеден балдар Ич кийимди тигүүгө болбойт. Алар ыңгайлуу, кенен, баланын денесин кыспай, одуракай тигишсиз, бала оңой кийип, жеңил чечкендей болгону оң. Баланын жашына карата Ич кийимдин формасы жана түрү ар кандай болот. Төрөт үйүндө бала төрөлөр замат аны стерилденген жалаякка ороп, 2 саат өткөндөн кийин жеңил, боору ачык көйнөк менен момозийден тигилген жеңил узун көйнөк кийгизилет, бутун жалаякка оройт. Кийин жалаяктын ордуна туюк шым кийгизүү оң. Балага 8—9 ай болгондо боору ачык көйнөктүн ордуна боору туюк көйнөк кийгизсе болот. Кыздарга 2 жашка чыкканга чейин жеңи жок же кичинекей жең салып, ал эми ушундай эле жаштагы же андан улуураак эркек балдарга жең салып, алды топчулама ич кийим тигүү керек.


Кыш, жаз мезгилинде Ич кийим баланын денесин толук жаап турушу зарыл. Бул баланын тыш кийимдерин булгануудан сактайт жана бала жылуу жүрөт.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8