Ич көңдөйү

Википедия дан

Ич көңдөйү - омурткалууларда бөйрөк менен жүрөктөн, сүт эмүүчүлөрдө өпкөдөн башка ички органдарын карман туруучу 2-дене көңдөйүнүн бөлүгү.

Жетилген төмөнкү омурткалууларда жүрөк жанындагы көңдөй менен Ич көңдөйүн туташтыруучу канал сакталып калган. Көпчүлүк балыктын Ич көңдөйү тышкы чөйрө менен абдоминалдык тешиктери аркылуу байланышат. Жүрөк жанындагы көңдөй тегерек ооздуулар менен балыктарда алды, жер үстүндөгү омурткалууларда арт жагына жайгашкан. Жүрөк жанындагы көңдөй сүт эмүүчүлөрдө боор -эттин пайда болушуна байланыштуу Ич көңдөйүнүн өпкөнү карман турган алдыңкы бөлүгү менен бирге анын башка бөлүктөрүнөн бөлүнөт.

Адамдын Ич көңдөйү ичтин алдыңкы жана каптал булчуңдары, бел омурткалардын денеси, белдин бед жана 4 чарчыбулчуңу, боор эт, төмөн жагынан жамбаш чарасы (чоң жана кичине) менен чектелет. Ич көңдөйүндө ичеги-карын, уйку бези, боор, көк боор, бөйрөк устундөгу без, заара-жыныс органдары жайгашкан. Ич көңдөйүн 2 кат ич кабыгы каптап турат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.