Ишмердик

Википедия дан

Ишмердик - – адамга гана таандык болгон касиет; анын негизинде активдүүлүгү, б. а. адамдын өзүнүн турмуштук талаптарын канааттандырууга багытталган максаттуу активдүү аракети.

Адамдын жашоосун ж-а инсан катары калыптанышын шарттаган И-кө баарлашуу (общение), оюн, эмгек ж-а окуп-үйрөнүү (учение – билим алуу) ж. б. кирет. Булар психология, курактык психология илиминде изилденген. Пед. психологиянын маалыматтары б-ча баланын ар бир жаш курагында И-түн белгилүү бир түрү басымдуулук кылат. Мектепке чейинки куракта оюн ишмердүүлүгү, кенже окуучуларда окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгү жетектөөчү болуп эсептелинет. И-ни окуп-үйрөнүү мында билим алууга үйрөнүү (учение учиться) деген мааниде каралып, балада башталгыч класстарда калыптанышы керек, окуучу конкреттүү билимге эле эмес, аны өз алдынча өздөштүрүү ыгына ээ болуусу тийиш.

Окуп-үйрөнүү Ишмердик 3 негизги компонент белгиленет:

  • 1) ыкластуулук м-н багыт алуу (мотивационно-ориентировочный);
  • 2) иш-аракеттерди түздө н-түз аткаруу (действия), (операционный);
  • 3. өзүн-өзү текшерүү (самоконтроль) ж-а баалоо (контрольно-оценочный).

1-компонент И-тин башталышы – окуучу тапшырманын максатын түшүнүп, аны ишке ашыруунун шартын аныктап, план түзөт. 2-компонентинде предметтин мазмуну чагылдырылып, ар кандай иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Иш-аракеттер 2 топко бөлүнөт: буюмдар м-н болгон иш-аракеттер (мис., сүрөттөр, схемалар же реалдуу буюмдар ж-а алардын моделдери м-н иштөө) ж-а ой жүгүртүү иш-аракеттери. Ой жүгүртүү иш-аракеттери катары логикалык операцияларды (анализдөө, синтездөө, салыштыруу, аналогия түзүү, жалпылоо) ж-а татаал интеллектуалдык билгичтиктерди (байкоо жүргүзүү, образ түзүү, моделдештирүү, өзгөртүп түзүү ж. б.) алса болот. Окуп-үйрөнүү И-и адамдын турмуштук иш-аракетинин негизи, ал тургай аспабы катары каралат.

Андыктан, кенже окуучулардын окуп-үйрөнүү И-гн калыптандыруу алардын өз алдынча таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн негизги шарты болот. Ишмердикти таанып-билүү – ишмердиктин бул түрү окуп-үйрөнүү И-ги м-н тыгыз байланышта болуп, андан өнүгүп чыгат: окуп-үйрөнүү И-ги билим алуунун аспабы катарында максатты түшүнүүгө, пландаштырууга, түрдүү иш-аракеттерди жүр-гүзүүгө, жыйынтыктоого багытталып, конкреттүү предметтин материалында жүргүзүлүп, таанып-билүү И-не айланып, (трансформацияланып) окуучуда билим, билгичтик, көндүм-дөрдүн калыптануусун камсыз кылат, б. а. окуп-үйрөнүү И-ги - аспап, таанып-билүү И-ги анын жыйынтыгы болуп, бири-бирине сиңип, бир бүтүн процессти түзөт. Ишмердикти окууга дилгирлик Окурмандык көркөм табит, окурмандын жекече пикири – окурмандык ишмердиктин натыйжасы, анын көрсөткүчү үч баскычтан турат.

I. Мында ишке ашырылууга тийиш болгон идея, аны ишке ашыра турган каражат да белгилүү, б.а. мурдагы көрсөтмөлөрдүн негизинде иш алынып барылат. Бул ишмердиктин репродуктивдүү деңгээли м-н дал келет. Буга текстти жөнөкөй түрдө кайра айтып берүүдөн баштап, көндүмгө айланган текстти бөлүктөргө бөлүп, аларга ат коюу; план түзүү, каармандардын ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыкты аныктоо, жаратылыш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн, каармандарга тиешелүү сапаттарды ачып көрсөткөн көркөм сөз каражаттарын таап, аларга талдоо жүргүзүү ж. б. кирет, б. а. көрсөтмөлөрдүн негизинде аткарылган, көндүмгө айланган иш-аракеттердин бардыгы биринчи баскычты түзөт, ал эми алгачкы учурда, бул иш-аракеттер жаңыдан аткарылып жаткан мезгилде алар окурмандык ишмердиктин экинчи баскычы болуп саналат. II. Мында ишке ашырыла турган идея белгилүү болсо да, аны ишке ашыра турган каражат көрсөтүлбөйт, же болбосо белгилүү каражаттарды пайдалануу м-н бир идея жаралат. Демек, мында экөөнүн бирөө белгилүү да, бирөө белгисиз. Экинчи баскычка көндүмгө айланганга чейинки жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге кошумча текстти өзгөртүп түзүү, тексттеги жыйынтыкка башкача жол м-н келүү, текстти улантуу, макал-лакаптарды пайдаланып текст түзүү сыяктуу иш-аракеттерди кошууга болот. III. Үчүнчү баскычта идея да, аны ишке ашыра турган каражат да белгисиз. Буга тексттеги автордун чеберчиликтерин көрө билүү, андан өзү үчүн жаңылыктарды ачуу, мурда аткарылбаган жаңы деңгээлдеги өз алдынча текст жаратуу кирет. Текстти кабылдоо м-н текст жаратуу бекем ширелишип, ушул үч баскычты басып өтүп окурмандык ишмердикти түзөт. Окурмандык ишмердиктин негизги көрсөткүчү болуп эмоциялуу баалуулук мамилелеринин тажрыйбасы аркылуу жаралган окурмандык көркөм табит, окурмандын жекече пикири эсептелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6