Йафес

Википедия дан

Йафес, Йафет – Библиядан ислам чөйрөсүнө өтүп, кайра иштелген санжыра боюнча адамзаттын ата-бабаларынын бири. Йафестин Хам жана Сам (иудейлерде – Сим, христиандарда – Сэм) деген бир туугандары болгон, алардын атасы Нух (Библияда – Ной) пайгамбар имиш. Адамзаттын таралышы жөнүндөгү бул санжыра кыргыздарга ислам динин кабыл алгандан соң таралган. Санжырачылардын баяндарында Йафестин улуу баласы Түрк, андан калган башка түрк тилдүү элдер тарайт имиш. Бирок бул санжыра-уламыштардын башка варианттары да кездешет. Кыргыз санжырачылары библиялык уламышты кыргыз элинин оозеки тарыхын чагылдырууда пайдаланып жүрүшөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.