Йод-бромдуу суулар

Википедия дан

Бальнеологияда курамында 5 мг/лден кем эмес йод, 25 мг/лден кем эмес брому бар, өнөр жайда болсо 8 мг/л йод, 200 мг/л брому бар суулар пайдаланылат.

Кыргызстандын аймагында мындай минералдуу суулар Фергана өрөөнүн курчаган адырлуу тилкедеги мунайлуу структураларда бар, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндөгү өтө тереңден бургулап чыгарылган минералдуу сууларда кездешет. Йод-бромду суулардын көбү Жалалабад облусундагы Майлусуу жана Кочкората шаарларына жакын жерлерден чыгат. Андагы жер астындага суулардын курамында йод 6 — 25 мг/л, бром 30 — 390 мг/лди түзүп, жалпы минералдашуусу 20 — 115 г/л. Бургулоо көзөнөгү менен 3 — 4 км тереңдиктен чыгарылган бальнеологиялык суулардын температурасы 50°Сден ашат. Кочкората шаарында (Жалалабат облусу) 14-бургулоо көзөнөгү менен чыгарылган ысык суу дарылоочу жайда пайдаланылат. Азыр андан суткасына хлорид-натрийлүү 100 м3 суу чыгат, минералдашуусу 55 г/л, температурасы 44°С. Сууда 160 мг/л борм, 10 мг/л йоддун концентрациясы бар. Бул суу белгилүү Майкоптун суусуна типтеш. Ошол эле Кочкората шаарынын түндүгүндө 200-бургулоо көзөнөгү менен 3000 м тереңдиктен чыгарылган минералдуу суунун температурасы 55°С, курамы хлорид-натрийлүү. Сууда бром 204 мг/л, йод 5,76 мг/лди түзөт. Сыноо убагында бул бургулоо көзөнөгү суткасына 1200 м3 суу чыгарган. Жыйынтыктап айтканда Кыргызстан йод-бромдуу суулардын ресурсуна бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]