Йозеф Гайдн

Википедия дан
Гайдн (1792).

Франц Йозеф Гайдн (болжол менен 31. 3. 173231. 5. 1809) — австриялык композитор.

Вена классикалык мектебинин өкүлү, аспаптык музыкадагы классикалык стилге негиз салуучу. Оксфорд университетинин ардактуу доктору (1791). Алгачкы симфонияларын 50— 60-жылдары жазган. Гайдндын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуру 18-кылымдын 80—90-жылдарына туш келет. Ал жылдары белгилуу Париж, Лондон симфонияларын, бир нече оратория, месса ж. б. жаратат. Гайдндын музыкасы терен демократтык мүнөзгө ээ жана элдик чыгаомалар менен тыгыз байланыш­туу. Ал көп улуттуу Австриянын муз. фольклорун билгичтик менен пайдаланган. 1798-ж. «Дүйнөнүн жаралышы», 1801-ж. «Жыл мезгилдери» операларын жазган. Гайдн 24 опера, 3 оратория, 14 месса ж. б. диний чыгармалар, 104 симфония, 41 фортепьянолук трио, квартет, увертюралар, түрдүү муз. аспаптар үчүн концерт калтырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4