Каарманбек Кулуев

Википедия дан
Каарманбек Кулуев, 2008-ж.

Каарманбек Кожогелдиевич Кулуев – радио, телевидение жана интернет тармагында иштеген Кыргызстандагы эң алгачкы мультимедиа журналисттердин бири.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каарманбек Кулуев Кыргызстандын Ош шаарында туулган. Атасы - кыргыздын таанымал акыны Кожогелди Култегин. Энеси - Жибек.

Ош шаарында орто мектепти аяктаарда бир жылдай АКШда билимин өркүндөткөн.

Бир катар маалымат каражаттарында иштеген.

2008-жылы Согушту жана тынчтыкты чагырдыруу институтуту (IWPR) радиожурналистика боюнча Кыргызстанда жана Тажикистанда жаңы долбоорун ишке ашыра баштады.

Анын алкагында маанилүү коомдук темаларды өз ичине камтыган радиоберүүлөр обого чыга баштады. Радиоберүүлөрдү даярдоодо мамлекеттик жана көз карандысыз радио, маалымат агенттиктеринде иштеген журналисттер кызматташтык жолу менен тартылууда. Радиоберүүлор кыргыз жана орус тилинде чыгарылат,- деп 2008-жылдын 2-декабрында IWPR радио долбоорунун редактору Каарманбек Кулуев "Азаттыкка" билдирген.

телевидение[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азаттык+

Каарманбек Кыргызстанда популярдуу болгон «Азаттык+» сыналгы долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Долбоорду 2006-жылы Элеонора Куленбекова жана Элеонора Мамбетшакирова сунуштаган, бирок аны аткаруу создуктурулуп келген. "Азаттык" үналгысынын жетекчилиги 2007-жылы январдан тартып Султан Каназаров, Аида Касымалиева, Жаннат Токтосунова, Каарманбек Кулуев жана башка жаш кабарчылардын катышуусу менен бул долбоорду турмушка ашырат жана долбоор УТРКда ырааттуу обого чыгарылат. 2008-жылы октябрда ал берүү УТРКдан саясий себептерден улам алынып салынган, бирок бул апталык берүү 2009-жылдын 31-августунан тартып Бишкекте "Манас жанырыгы" жана Ошто "Керемет" сыналгы каналдары аркылуу кайрадан обого чыгарыла баштады. Жалал-Абат облустук сыналгы каналы да аны 2009-жылдын ноябрынан тартып бере баштады. Ушул тапта бул сыналгы долбоорго Эдил Сапарбек уулу, Элен Куленбекова, Элеонора Бейшенбек кызы, Мирлан Токталиев, Торокул Дооров, Айзада Касмалиева, Зейнеп Мартбек кызы, Жанар Акаев, ж.б. катышууда. Анын учурдагы продюсери - Б. Досалиева.

Метрополис

«Metropolis Archived 2009-06-16 at the Wayback Machine» - программасы голландиялык VPRO каналынын долбоору. Анда дүйнө жүзү боюнча даярдалган видел баяндар чыгат. Каарманбек Кулуев бул долбоор үчүн Кыргызстандагы метросексуалдар тууралуу жана Американын таасири тууралуу бир нече берүү даярдаган.

Радио[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азаттык+

Азаттыктын «Азаттык+» жаштар уктуруусу 2004-жылдын декабрынан тарта обого чыккан. Каарманбек Кулуев анын алгачкы кабарчыларынын жана алып баруучуларынын бири болуп иштеген.

Долбоордун алгачкы редактору Венера Сагындык кызы Жуматаева бул уктурууну мурунку «Советтер Союзунун дикторлорунун» стилинен өзгөртүп, жаштарга жакыныраак болгон FM стили менен айкалыштырууга жетишкен жана кыргыз радио журналистикасындагы олуттуу өзгөрүү болгон. Бара-бара бул ыкмага Кыргызстанда бир топ башка радиолор да өткөн. Улуттук каналда (азыркы УТРКда) обого чыккан «Жаштык» Радиосу да Азаттык+тукуна окшош стилди колдонот. Мурдагы "Азаттыктын" кабарчысы Тыныч Кожобековдун буга салымы олуттуу болду.

"Азаттык" үналгысынын "Азаттык+" жаштар долбоору азыр да ийгиликтүү улантылып келет. 2007-2008-жылдар аралыгында анын 3 багытын жетектеген журналисттер иштен өз каалоосу менен кеткен. Алар - жаштардын радио программаларынын Бишкектеги редактору Султан Каназаров, телепродюсер Аида Касымалиева жана "Азаттыктын" жаштарга арналган интернеттеги "Фэйсбук" чакан долбоорунун техникалык кыртышын калыптандырган Каарманбек Кулуев. Алардын ордун толуктаган жаштар "Азаттык+" мултимедиа платформаларын ийгиликтүү улантууда.


Радио IWPR

2008-жылдын күз айларынан баштап Каарманбек Кулуев Согушту жана тычтыкты чагылдыруу институтунда (IWPR) радио редактор болуп эмгектене баштайт. Уктуруу жумасына 4 жолу жалпы республикалык деңгээлде обого чыгып, үндөрдүн жана жөнөкөй кишилердин турмушу аркылуу абдан оорчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгат.

IWPR радиосу 2 тилде тең обого чыккандыктан, анда орус тилдүү да кыргыз тилдүү да журналисттер иштеп, журналистикадагы тил боюнча бөлүнүү азая баштайт.

Интернет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

facebook

2008-жылдын февраль айында "Фэйсбукту" даярдоо иши Каарманбек Кулуевге "Азаттык үналгысынын" жетекчилиги тарабынан тапшырылат. Февралдын этегинде бул Facebookтагы баракчасы(жеткиликсиз шилтеме) ишке киргизилет. Долбоор ийгиликтүү болуп, жалпы "Эркин Европа/Азаттык үналгысында" 2009-жылдын май айынан тартып башка кызматтарда да колдонула баштайт. Ага Зейнеп Мартбек кызынын да кыйла салымы кошулду. Бул "Фэйсбук" долбоору "Азаттык үналгысынын" журналисттерине жаш угармандары менен түздөн-түз интернет аркылуу баарлашууга кошумча өбөлгө түздү.

Youtube

"Азаттыкта" колдонула баштаган дагы бир долбоор – Youtube. Угармандар мурда үнүн гана уккан журналисттерди видеодон көрүп, алар кантип иштейт, эмне менен алектенет, алардын кандай видео жана сыналгы долбоорлору бар, жана ушул сыяктуу суроолорго жоопту видео аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]