Каббала

Википедия дан

Каббала (байыркы еврей тилинен сөзмө-сөз «мурас» деп которулат ) – еврейлердин чыгыш мифологиясы менен эллинисттик идеялардын жуурулушуна куралган фантастикалуу, жашыруун окуусу.

Каббала 2-кылымда пайда болуп, гностицизмдин, аралашмасынан куралган. Каббаланын негизги чыгармасы «Жаркыроо» («Сияние», “Zohar”, Bd 1–3, 1558-60) Симон бар Йохай тарабынан арамей тилинде жазылып, испандык еврей Моисей де Леон тарабынан 13-кылымдын аягында басылып чыккан. «Жаратуу китеби» («Sefer Yezirah») деп аталган дагы бир чыгарма 6–7-кылымдарда еврей тилинде жазылган. «Жаркыроо» китебинде Библияны аллегориялуу (каймана түрүндө) чечмелөө (жоруу) аркылуу мистикалуу пантеисттик окуу чагылдырылган. Бул китепте жаратуу түшүнүгү эманация түшүнүгү менен алмаштырылган.

Каббаланын өзөгүн түзгөн окуу болуп «Энсоф» (чексиздик) саналат. Каббалага ылайык «Энсоф» эч кандай аныктамага ээ эмес, анткени, каалагандай аныктама чектүү мааниге ээ. Энсофко сөз да, акыл да, эрк да мүнөздүү эмес. «Энсоф» дүйнөдөн сырткары жашабайт: ал дүйнөнүн субстанциясы, имманенттүү (ички) себеби, активдүү жана пассивдүү башаты болуп саналат. Дүйнөдөгү жеке нерселер менен кубулуштар «Энсофтун» болмушунун айрым көрүнүштөрү болуп саналат.

Каббала еврей жана айрым христиан ойчулдарына зор таасир берген. 15-кылымда анын айрым идеаларын Пико дела Мирандола, Рейхлин ж. б. өнүктүрүшкөн. Өз өнүгүүсүнүн соңку мезгилинде каббала магияга, сыйкырчылыкка, «ыйык тексттерди» символду чечмелөөгө айланып кеткен. Өзгөчө «ыйык тексттердин» ар бир сөзүнө жана санына мистикалык мани берүү көп байкалат. Ошол себептен көп учурда «каббалистика» термини оккультизмдин жана спиритизмдин бир түрү дегенди түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8