Кадыралиев Казакбай

Википедия дан

Кадыралиев Казакбай (1882, Нарын облусу, Ат-Башы району, Дыйкан айылы 1956, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Эмгек жолун Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Кызыл-Дыйкан» айыл чарба артелинде баштаган. 1943-жылдан жылкычы. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерди жаратып, 1948-ж. 50 тубар бээден 50 кулун алып, толугу менен аман асыраган. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]