Кадыркулов, Ыдырыс

Википедия дан

Кадыркулов Ыдырыс- (1917, азыркы Тогуз-Торо району, Казарман кыштагы —1984, ошол эле жерде) — Даңк орденинин кавалери. 1939-жылы декабрдан Советтик Армияда. 1941-жылы декабрдан Улуу Ата Мекеник согуш майданында болгон. 1943-жылы Түштүк Буг дарыясынан өтүү учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк ордени, 1944-жылы 3000 мина коюп, душмандын 2500 минасын зыянсыздандыргандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылы Ипель дарыясынан өтүүдө көрсөткөн каармандыгы үчүн 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.