Мазмунга өтүү

Казакстан. Улуттук энциклопедия

Википедия — ачык энциклопедия
Казакстан. Улуттук энциклопедия
Нукура аталышыказ. «Қазақстан»: Ұлттық энциклопедия
ӨлкөсүКазакстан
Тиликазак, орус, англис
ТемасыЭнциклопедия
Жанрыилимий-маалымдама
Медианын түрүкитеп
МурункусуКазак Совет Энциклопедиясы

Казакстан. Улуттук энциклопедия (каз. «Қазақстан»: Ұлттық энциклопедия) — казак тилиндеги универсалдуу энциклопедиялык басма. Энциклопедия 10 негизги томдон, ошондой эле орус тилиндеги 5 томдон жана англис тилиндеги маалымдамадан турат[1].

1967-жылы «Казак Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы» түзүлүп, 1972—1978-жылдары 15 томдук (12 негизги том) «Казак Совет Энциклопедиясын» басып чыгарган, анын негизинде 1998—2007-жылдары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен «Казакстан» улуттук энциклопедиясы түзүлдүп, Алматыда басылган[2].

Алгачкы төрт негизги томдуктун башкы редактору академик, философия илимдеринин доктору Абдималик Нысанбаевич Нысанбаев. Кийинки томдордун жана орусча вариантынын башкы редактору – тарыхчы Бүркитбай Аяган. Энциклопедиянын лексикасын түзүүгө казак окумуштуулары катышты: Ж. Сыдыков, А. Байбатша, Б. Комеков, К. Серикбаев, О. Смагулов, Т. Габитов, Х. Халиков, С. Борбасов, К. Окаев, К. Жарыкбаев, М. Татимов, Н. Омашев, А. Бекенов, Ж. Исмухамбетов, Ф. Баймбетов, А. Алдашев, М. Алшынбаев жана башкалар.

Лицензия тууралу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылдын 24-июнунда энциклопедиянын укугуна ээ болгон «Қазақ энциклопедиясы» басмасы аны CC-BY-SA лицензиясы боюнча бекер таратууга уруксат берген[3].

Критикалык анализ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казактын коомдук ишмери Данияр Наурызбаевдин талдоосу боюнча, энциклопедиянын өзгөчөлүгү — сүрөттөлгөн билимдин көптөгөн тармактары боюнча тар адистерди тартпастан, орус жана казак тилдериндеги булактарды гана колдонуу белгиленген. Ошондой эле макалалардын маалыматтык мазмунунун начардыгы жана тематикалык камтуунун жетишсиздиги, анын ичинде казакча темалардын аздыгы да белгиленген. Энциклопедияда камтылган көптөгөн сүрөттөр жалпыга жеткиликтүү тышкы булактардан алынган жана түп нуска эмес[4].